Баткен шаарынын мэриясы
11 сентябрь
Баткенде мектептердин жанындагы жөө өтмөктөргө жол чиймелери түшүрүлүүдө
Баткен шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жанындагы негизги көчөлөрдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жөө өтмөктөргө жол чиймелерин түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.
Аталган иштер окуучулардын мектепке келип-кетүүсүндө коопсуздугун камсыз кылууга, айдоочулардын жөө жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл буруусуна жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.
Жөө өтмөктөрдүн белгилениши мектептердин айланасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзүп, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
