Ош шаарынын Озгур айылында 60 бөбөккө ылайыкталган бала бакча ачылды
Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Озгур айылында №90 “Коңур жаз”аталышындагы жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу ачылыш аземи мамлекет башчысынын демилгеси менен жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө карата ишке ашырылуучу 100дөн ашуун социалдык жана өнөр жай объектилерин ачуу долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өттү.
Курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган 60 орундуу заманбап имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, балдардын сапаттуу билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык зарыл жабдуулар менен толук камсыздалды.
Буга чейин айылда бир гана бала бакча иштеп, орун жетишсиздиги жаралып келген болсо, жаңы мекеменин ачылышы жергиликтүү тургундардын түйшүгүн жеңилдетип, дагы көп балдардын бакчага баруусуна шарт түздү.
