Балдарда шакый баш оорусу кандай белгилер менен коштолушу мүмкүн?
сүрөт: depositphotos.com
10 сентябрь

Балдарда шакый баш оорусу кандай белгилер менен коштолушу мүмкүн?

Балдарда шакый (мигрень) дайыма эле кадимки баш оорусу менен коштолбойт. Анын белгилеринин бири катары жүрөк айлануу жана кайталанган кусуу да болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын түз эфиринде КММАнын неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти, дарыгер-невролог-цефалолог Кундуз Карбозова билдирди.

Адистин айтымында, кичинекей балдар башы ооруп жатканын дайыма эле так айтып бере алышпайт.

Чоң кишилерден анамнез чогултууда шакыйы бар бейтаптардын бала кезинде маал-маалы менен жүрөк айлануу, кусуу же ашказан-ичеги жолунун башка бузулуулары болгондугу көп кездешет.

«Балдарда да шакый болот. Кичинекей балдарда ал чоңдордогудай баш оорусу түрүндө эмес, мисалы, кайталанган кусуу жана жүрөк айлануу түрүндө өтүшү мүмкүн», — деп түшүндүрдү Карбозова.

Ошондуктан шакыйды аныктоодо дарыгер бейтаптын учурдагы белгилерин гана эмес, анын бала кезиндеги ден соолугунун абалын да эске алат.