Невролог ооруну басаңдатуучу дарыларды көп колдонуу баш ооруну күчөтүшү мүмкүн экенин айтты
Ооруну басаңдатуучу дарыларды тез-тез жана көзөмөлсүз колдонуу алардын таасирин азайтып гана тим болбостон, жаңы жана тез-тез кайталанган баш оорунун пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын түз эфиринде КММАнын неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти, дарыгер-невролог-цефалолог Кундуз Карбозова билдирди.
Анын айтымында, шакый оорусу менен жабыркаган көптөгөн бейтаптар узак убакыт бою оорунун кармашын өз алдынча басууга аракет кылып, анальгетиктерди үзгүлтүксүз колдонушат.
«Ооруну басаңдатуучу дарыларды көп колдонгондо, тескерисинче, жаңы баш оору пайда болуп, ал өнөкөт түргө өтүшү мүмкүн», – деди ал.
Мындай абал абузустук баш оору деп аталат.
Карбозова ооруну басаңдатуучу дарыларды баш оору кармаган учурда колдонууга болорун, бирок алардын туура дозасын жана кабыл алуу жыштыгын сактоо маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, мындай дарыларды өз алдынча жана ашыкча колдонуу көйгөйү актуалдуу бойдон калууда жана калктын маалымдуулугун жогорулатууну талап кылат.
