Кыргызстанда жыл аягына чейин 100дөн ашык социалдык объектти бүткөрүү пландалууда
сүрөт: depositphotos.com
10 сентябрь

Кыргызстанда жыл аягына чейин 100дөн ашык социалдык объектти бүткөрүү пландалууда

Кыргызстанда 2026-жылдын аягына чейин социалдык багыттагы 100дөн ашык объекттин курулушун аяктоо пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, сөз 105 объект тууралуу болуп жатат.

Алардын ичинен 34ү мектеп, 28и бала бакча жана 12си спорттук объект. Ошондой эле тизмеге социалдык багыттагы башка объекттер да киргизилген.

Бузурманкулов белгилегендей, жалпысынан Курулуш министрлигинин быйылкы планына өлкөнүн ар кайсы аймактарында жүздөгөн объекттер киргизилген.

Мындан тышкары, иштеп жаткан билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Анын маалыматына караганда, учурда 150дөн ашык мектепте капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.