17-сентябрда Бишкектеги эски аэропорттун айланасындагы аймакта таза суу өчүрүлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

17-сентябрда Бишкектеги эски аэропорттун айланасындагы аймакта таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 17-сентябырда саат 09:00дөн  саат 19:00гө чейин ичүүчү суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсү

“Аэропорт” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.