видеодон алынган кадр
10 сентябрь
Сокулукта 15 жаштагы кызды сабап, видеого тартышкан. Териштирүү иштери башталды
Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы кыз ур-токмокко кабылган. Окуянын видеосу интернетте тараган.
Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, окуя 2026-жылдын 21-августунда аталган факты Сокулук РИИБде катталып, учурда тиешелүү тартипте текшерүү жүргүзүлүүдө.
Окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
