Көлмө конушундагы Теңдик көчөсүн оңдоо иштери башталды
“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын адистери Көлмө жаңы конушундагы Теңдик көчөсүнүн Мидина көчөсүнөн Дастан көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштерин баштады.
Мэриядан билдиришкендей, учурда жолчулар ирригациялык системаны орнотууда.
Белгилей кетсек, буга чейин жогоруда аталган тилкеде эски лотоктор демонтаждалып, адистер эски асфальтты тырмалоо иштерин жүргүзүшкөн.
