Президент Каракол шаарына жаңы мэр дайындады
27 июнь

Президент Каракол шаарына жаңы мэр дайындады

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине ылайык Адиев Каныбек Маматбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.