Сак болуңуз! Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдамчылык тууралуу эскертет
7 апрель

Сак болуңуз! Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдамчылык тууралуу эскертет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдамчылык тууралуу эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы учурда өздөрүн мамлекеттик органдын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан жеке маалыматтарды сураган учурлар көбөйдү.

Эсиңизде болсун:

  • Мамлекеттик органдар өздөрү биринчи болуп чалбайт
  • Жеке маалыматты (СМС, мессенджер аркылуу) сурабайт!

Эмне кылуу керек?

Логин, сырсөз, карта номери сыяктуу маалыматтарды эч качан айтпаңыз

Шектүү чалуулар болсо — дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз.