Ак-Суу районунда жаңы калкты тейлөө борбору салынууда
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда жаңы калкты тейлөө борбору салынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, фонддун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү Самат Медеров курулуш иштерин жеринде текшерүү жүргүздү.
Имарат толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен жүрүүдө. Курулуш иштери 2021-жылы башталган.
Объектинин тендердик баасы 25 млн 496 миң 700 сомду түзөт. Учурда имараттын 80% бүткөрүлүп, күз айлары менен колдонууга берилүү пландалууда. Буга чейин райондо атайын калкты тейлөө борборунун имараты болгон эмес. Жаны имараттын салынышы жергиликтүү тургундар үчүн ынгайлуу шарттар түзүлүп, калкты тейлөө сапаты жогоруламакчы.
