Маңка-Жар сел тосмосуна толгон суу сордурулду — ӨКМ
Бишкектин Ленин районунда жайгашкан Маңка-Жар коктусундагы экинчи сел тосмодо 5-апрелде жааган жамгырдын кесепетинен суу толуп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күн мурун суунун көлөмүн азайтуу максатында сууну сордуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин району боюнча ӨКБнүн кызматкерлери нива менен сүйрөтмө мотопомпа менен иш алып барды. Аталган сел тосмого МАБ кызматы тарабынан 2 кызматкер тартылган.
