Транспорт министри Кочкор – Коммунизм жолундагы көпүрөнүн курулушунан кабар алды 
8 ноябрь

Транспорт министри Кочкор – Коммунизм жолундагы көпүрөнүн курулушунан кабар алды 

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 7-ноябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор – Коммунизм унаа жолунун 1+500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштеринен кабар алды. 

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы көпүрөнү куруу жумуштары жакынкы күндөрү аяктай турганы белгилүү болду.

Азыркы тапта бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат.

Көпүрө 3 пролеттон туруп, узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метр.

Министр иш ыргагын ыкчамдатуу менен көпүрөнү белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнү тапшырды.