Кыргызстандын 11 жараны Израилден ийгиликтүү эвакуациялан​​​​​​​ды
27 июнь

Кыргызстандын 11 жараны Израилден ийгиликтүү эвакуациялан​​​​​​​ды

Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КРнын Туркиядагы, Казакстандагы жана Сауд Араб Падышачылыгындагы Элчиликтерм, ошондой эле КР Герцлия шаарындагы (Израиль) жана Шымкент шаарындагы (Казакстан) Ардактуу консулдуктары менен тыгыз байланышта жогорку тобокелдиктеги аймактардан мекендештерди эвакуациялоо боюнча ыкчам чаралардын комплексин ишке ашыргандыгын билдирет. 

Координацияланган аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын 11 жараны Израилден Египетке ийгиликтүү эвакуацияланып, ал жактан Шымкент шаарына (Казакстан) аман-эсен жетип, андан кийин Кыргызстанга жеткирилген.

Министрлик Египет Араб Республикасынын жетекчилигине жана компетенттүү органдарына транзиттик каттамды уюштурууга жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Ошондой эле,  Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө гуманитардык миссияны ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирет.