Ошто күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча жыйын болуп өттү
27 июнь

Ошто күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча жыйын болуп өттү

Ош шаардык мэриясында 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде жылытуу өнөктүгүн уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жыйында алдыдагы кыш мезгилине карата даярдык иштери, элдин коопсуздугун жана жылуулуктун үзгүлтүксүз камсыз болушун камсыздоого багытталган иш-чаралар пландалып, тиешелүү мекеме-ишканаларга так тапшырмалар берилди.

Негизги багыттар төмөнкүлөрдү камтыды:

• Электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу, авариялык абалдардын алдын алуу (Ош жана Сулайман-Тоо РЭТ).

• Жылуулук борборлору жана отканалар үчүн мазут, газ, көмүр отунун алдын ала камдоо.

• Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги отканалардын техникалык абалын жакшыртуу.

• Көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук тутумдарын текшерүү жана оңдоо.

• Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү: сапаттуу отун колдонуу, калдыктарды жылытуу максатында пайдаланбоо.

• Электр зымдарына тоскоол болгон бак-дарактарды бутоо иштери.

Тиешелүү мекеме-ишканаларга өздөрүнө тиешелүү болгон тапшырмалар берилди жана аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.

Ош шаарынын мэриясы күз-кыш мезгилине даярдыкты өзгөчө көзөмөлгө алат жана шаар тургундары үчүн коопсуз жана жылуу шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти тыкыр жүргүзөт.

Кышка даярдык – бул техникалык гана маселе эмес, бул тургундарыбыздын коопсуздугуна жана бейпил жашоосуна түздөн-түз байланыштуу иш.