Канатбек Калдаралиев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Калдаралиев Канатбек Айдарбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
