Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көрүлгөн чаралар
Чүй областынын Москва райондук прокуратурасы тарабынан райондук мамлекеттик салык кызматында жүргүзүлгөн текшерүүдө, салык кызмат адамдары тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 318-бер. 4-1-б. негизинде “эскертүү” чарасын колдонуунун ордуна 50 эсептик көрсөткүч түрүндө мыйзамсыз айып пулдарды салып жүрүшкөн фактылар аныкталып, ишкерлерге карата мыйзамсыз түзүлгөн укук бузуу жөнүндө протоколдору райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылган.
Ал эми, мыйзам бузууга жол берген салык кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 435-бер. менен укук бузуу протоколдору толтурулуп, айып төлөөгө кириптер болушкан жана жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан кайталап мыйзам бузууга жол берген айрым кызматкерлерди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына прокурордук чара көрүү актысы жиберилип, учурда каралууда.
Ошону менен бирге, Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан 24.03.2025-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъектеринин ишине негизсиз кийлигишүүлөрүнө бөгөт коюу максатында Токмок шаарынын аймагындагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жеринде жолугушуу өткөрүлүп, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси тууралуу ишкерлерге кенен маалыматтар берилип, тиркемени колдонуу тартиби түшүндүрүлдү жана мурда киргизилген электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тапшыруу (мыйзамда белгиленген товарлардан тышкары) милдети жокко чыгарылгандыгы маалымдалды.
