Кыргызстандык зыяратчыларды ташый турган авиакомпания аныкталды
9 октябрь

Кыргызстандык зыяратчыларды ташый турган авиакомпания аныкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) жыйыны өттү.

Муфтияттан кабарлашкандай, жыйында ажылык сапарды уюштуруу багытында авиакомпания тандоо маселеси каралып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими кабыл алынды.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 8-октябрында өткөн кезектеги жыйында комиссия мүчөлөрү 2026-жылдагы ажылык сапары алкагында Сауд Аравияга зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо чечимин кабыл алышты.

Конкурстун жыйынтыгында Flyadeal авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилди.