"Манас" аэропортунда учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталды
7 апрель

"Манас" аэропортунда учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталды

"Манас" эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин одоо иштери башталды, деп билдирет "Кыргызстан аэропорттору".

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 03:00гө чейин авиакаттамдар токтотулат. 

"Авиакомпаниялардын баары оңдоо иштери тууралуу кабардар болду. Жүргүнчүлөргө рейстердин жаңы убакытын эске алууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.