Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды
Кыргызстан менен Индиянын Түркиядагы элчилери Руслан Казакбаев менен Муктеш Кумар Пардешинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу 4-апрелде Анкара шаарында өткөн.
\Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын Түркия Республикасы менен өз ара аракеттенүүсү талкууланды.
Ошондой эле тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерине көңүл бурушту.
Элчи Р.Казакбаев маектешине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү, тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоо жаатындагы демилгелери тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
