Климаттын өзгөрүшү өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүгө кандай таасир берет
Бүгүнкү күндө глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө укпаган адам жок болсо керек. Бул процесстер бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү боюнча биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна алып келет, жер жана суу ресурстары азайып, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрү жок болуп баратат. Биологиялык ар түрдүүлүк секторунун эксперти Венера Сураппаева климаттын өзгөрүшү Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнө кандай таасирин тийгизип жатканы тууралуу айтып берди.
- Климаттын өзгөрүшү деп биз температуранын жогорулашын жана жаан-чачындын санынын өзгөрүшүн түшүнөбүз. Акыркы 40 жылда биздин өлкөдө температура 0,8°Cге жогорулады, башкача айтканда, ар бир 10 жылда 0,2°C жогорулап турат. Глобалдык жылуулук - температуранын 1-1,5°Сге жогорулашы, бул табигый кырсыктар, адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири, инфраструктуранын бузулушу ж.б. кесепеттерге алып келет. А бул кичинекей көрүнгөн 1 градуска өсүү биоартүрдүүлүктүн бардык түрлөрүнө таасирин тийгизет.
Биологиялык ар түрдүүлүк, адамдар сыяктуу эле жандуу нерсе. Аптап бизге кандай таасир этсе, биологиялык ар түрдүүлүккө ошондой эле болот. Биологиялык ар түрдүүлүк генетикалык, экосистемалык жана түрлөрдүн ар түрдүүлүгүн камтый турганын билебиз. Жаратылыштагы генетикалык ар түрдүүлүккө өсүмдүктөр, жаныбарлар, козу карындар, экосистеманын ар түрдүүлүгүнө мөңгүлөр, шалбаалар, токойлор жана суу ресурстары кирет. Үчүнчү түрү – түрлөрдүн көп түрдүүлүгү: ак илбирс, Тянь-Шань карагайы, арча, аркар ж.б.
Кыргызстан мөңгүлөр жана суу ресурстарына бай. Мисалга биздин мөңгүлөрдү алалы. 70-жылдардан бери дээрлик 20 пайызы эрип кетти! Божомолдорго караганда, бул көйгөйгө азыркыдай мамиле кыла берсек 2100- жылы 80 пайыз мөңгү эрийт! Бул бүтүндөй Борбор Азия үчүн катастрофа. Суу тартыштыгы жаралат, ансыз да аны акыркы убакта башыбыздан өткөрүп жатабыз.
Эми өзүбүздүн жайлоолорду карайлы. Кыргызстанда дээрлик 9 миллион гектар жайык бар, алар мал жаюуга пайдаланылат. Бизде мал кышында да жайылат, жыйынтыгында жайлоолордун деградациясы кышында 82 пайызды, кышкы убакта жазында - 35 пайыз, жайында – 43 пайыз, күзүндө – 30 пайызды түзүүдө.
Жайыттарга малды жыл боюу жаюудан улам шалбаалардын катастрофалык бузулушу жыл сайын байкалып жатат. Бирок экинчи да себеп бар - климаттын өзгөрүшү, температуранын жогорулашы чоң кургакчылыкка жана чөптүн азайышына алып келет.
- Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууда токойлор маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан аларды сактап калуу үчүн бүткүл дүйнөдө эбегейсиз зор аракеттер көрүлүүдө. Кыргызстанда кандай иштер жүрүп жатат?
- Ооба, токойлор гана CO2 же көмүр кычкыл газын сиңире алат. Кыргызстанда токойлор аз, ошондо деле климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөшкө салым кошо алабыз, бирок бул үчүн токойлорду сактоого өзгөчө көңүл бурушубуз керек.
Нарын, Ысык-Көл облустарындагы карагайлуу токойлорубузду карап көрөлү. КР Илимдер академиясына караштуу Токой институту тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр температуранын жогорулашына байланыштуу токойлордун төмөнкү чегинде жылыш болуп жатканын көрсөттү.
Орой айтканда, карагай өз деңгээлинде ысып, өйдөгө жылды, бирок өйдө жакта топурак жок, таштар гана бар. Ушундай эле көрүнүш арчада да байкалат. Төмөнкү аймакта Зеравшан арчасы, ортодо жарым шар түрүндөгү арча, жогору жагында Түркстан арчасы бар. Азыр төмөнкү чектеги Зеравшан арчасынын жылыш башталды.
Токой институтунун маалыматы боюнча, эгерде абанын температурасы 1°Сге көтөрүлсө, карагай токоюн 3 пайызга, Зеравшан арча токоюн 20 пайызга, ал эми 4°С болсо карагай токоюн 40 пайызга, арча токойлорун 80 пайызга чейин жоготобуз.
- Акыркы жылдардагы эң резонанстуу экологиялык окуялардын бири ак илбирсти куткаруу болду. Ага климаттын өзгөрүшү кандай таасир этет?
- Ал температуранын өзгөрүшүнө реакция кылбашы деле мүмкүн, анткени ал +40°Сте да, -40°Сте да жашай алат. Ошондуктан 1-4 градуска көтөрүлүү ага таасирин тийгизбейт. Бирок ак илбирс жашаган мөңгүлөр ээрип жатат, жайыттар жана токойлор азайып баратат. Жашоо чөйрөлөрүнүн кыскарышы биздин эле эмес, эл аралык Кызыл китепке кирген ак илбирстердин санына да таасирин тийгизет.
- Глобалдык планда абанын ысышынын себептери катары өндүрүшкө пайдаланылган катуу отундун ар кайсы түрлөрүнүн абага чыккан таптары айтылууда. А бизде температуранын көтөрүлүшүнө эмне таасир берүүдө?
- Бизде абага зыяндуу заттарды чыгарган төрт экономика сектору бар - энергетика, өнөр жай, калдыктар жана айыл чарба. Ошол эле мал жандык метанды бөлүп чыгарат, ал CO2ге айланат, булар температураны жогорулаткан парник газдары. Ал эми бизде чоң өнөр жайы болбосо да, тоо-кен, жылуулук, транспортту камтыган энергетика тармагыбыз бар.
Үйдө ашканада жасаган тамактарыбыз да атмосферага CO2 бөлүп чыгарат. Эң коркунучтуусу бул бөлүнүп чыккандар атмосферада 100 жыл жашайт. Көрсө, азыр атмосферадагы парник газдарынын таасири менен болуп жаткан нерселер 100 жыл мурун бөлүнүп чыккан заттар экен. Азыр биз күн сайын атмосферага чыгарган нерселер дагы бир кылымга чейин жок болбойт!
- Бул боюнча дүйнөнүн тынчсызданып жатканынын себеби эми түшүнүктүү болду...
- Ооба, так ушундан улам БУУнун 30 жылдан бери келаткан климаттын өзгөрүшү боюнча Конвенциясы дүйнөнүн ага кол койгон 180ден ашуун мамлекеттерине, анын арасында Кыргызстанга тийиштүү милдеттерди жүктөйт.
Бул конвенция температуранын көтөрүлүшүн жана анын себептерин көзөмөлдөйт, ошондой эле кесепеттерин алдын ала айтат. БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык тобу бар, ал атмосферадагы парник газдарынын концентрациясына жана анын бүтүндөй климаттык системага тийгизген таасирине мониторинг жүргүзөт, климаттын өзгөрүшүнө социалдык-экономикалык жана табигый системалардын деңгээлинде аялуулугун баалайт, кесепеттерин жана адаптациянын варианттарын эске алып, белгилүү чараларды жана сунуштарды жолдогон отчетторду даярдайт.
Кыргызстан бул конвенцияга 1992-жылы кошулуп, муну менен бардык талаптарды, ошондой эле 2018-жылы кол коюлган климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык келишимдин талаптарын аткарууга макул болгон.
- Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелерин аткарууда кандай чараларды көрүп жатат?
- Климаттын өзгөрүшү тууралуу бүткүл дүйнө эли 90-жылдары гана айта баштаганынан баштайлы. Андан кийин БУУ өзүнчө структура түзүп, өлкөлөр бөлүп чыгаруу жана сиңирүү боюнча отчет бере башташты. Эгерде башында биз жөн гана климаттын өзгөрүшү жөнүндө айтсак, кийинчерээк климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууну белгилеп баштадык. Ал эми 2018-жылдан баштап Париж келишими адаптация түшүнүгүн киргизди, башкача айтканда, климаттын өзгөрүшү биоартүрдүүлүккө таасирин тийгизерин, ал өзгөрүүлөргө ыңгайланышыбыз керектигин түшүнүп калдык.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан ПРООНдун колдоосу менен климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптация планын иштеп чыгууда. Бул экинчи документ. Биринчи адаптация планы министрликтердин буйруктары менен бекитилген болсо, бүгүн ал Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Ошону менен бардык мекемелер жана уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бул планды министрликтердин деңгээлине чейин түшүрүп, алар өздөрүнүн ишке ашыруу пландарын иштеп чыгышы керек.
Бул процесс Кыргызстан үчүн таптакыр жаңы нерсе экенин, аны ишке ашырууда дүйнөдө жок билимдер жана технологиялар керектигин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мындай документтерди ар бир мамлекет өзүнүн түшүнүгүнө таянып иштеп чыгат.