Кыргызстанда улгайган жарандарга каршы жасалган кылмыштардын ар бир экинчиси алдамчылыкка байланыштуу
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Кыргызстанда улгайган жарандарга каршы жасалган кылмыштардын ар бир экинчиси алдамчылыкка байланыштуу

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында улгайган жарандарга каршы 1 миң 262 кылмыш катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Катталган кылмыштардын жарымынан көбүн — 51,3%ын — алдамчылык түзгөн.

Ал эми 20,8%ы уурулукка байланыштуу болгон.

Дагы 7,8%ы электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдердин капчыктарын жана SIM-карталарды атайылап үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу фактыларына туура келет.

Улгайган жарандардын эң көп жабыркаган учурлары Бишкек шаарында катталып, жалпы көрсөткүчтүн 38,7%ын түзгөн.

Чүй облусунда — 14,5%, Ысык-Көл облусунда — 9,2%, Жалал-Абад облусунда — 9% катталган.