Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун берүү тартиби өзгөрөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун берүү тартиби өзгөрөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөкпул менен камтууну кеңейтүүгө, социалдык жардамдын максаттуулугун жогорулатууга жана аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөрдүн жөлөкпулга муктаж экендигин аныктоо механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Токтом 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана төмөнкүлөрдү карайт:

1) кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин көбөйтүү;

2) балалуу үй-бүлөлөрдүн жөлөкпулга болгон муктаждыгын аныктоодо даректүүлүктү камсыздоочу кошумча критерийлерди киргизүү, мисалы:

– жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтүн (чыгарылган жылды кошкондо) 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартуу (чыгарылган мөөнөтү 15 жылдан жогору болгон жеңил автоунаасы бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүү). Өзгөртүүлөр акыркы жылдары бензиндин жана унааны оңдоо кызматынын кымбатташы менен негизделет, бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн унааны кармоого кошумча чыгымдарды талап кылат жана үй-бүлөнүн кирешесинин деңгээлинин төмөндөшүнө таасирин тийгизет;

– бир нече турак жайга ээлик кылууга чектөөлөрдү киргизүү, тактап айтканда, эки жана андан көп турак жайдын ээси болгон үй-бүлөлөрдү жөлөкпул алуудан четтетүү. Жаңылануунун себеби, экинчи турак жайды ижарага берүүгө болот, анткени ал потенциалдуу киреше булагы болуп саналат;

– жүргүзүлгөн администрациялык-аймактык реформаны жана айыл чарба продукциясына болгон реалдуу бааларды жана чыгымдарды эске алуу менен айыл аймактарынын бөлүгүндө жер үлүштөрүнөн жана короо-чарба участокторунан түшкөн кирешелердин нормативдерин актуалдаштыруу.