Мурдагы «Будда бар» жайгашкан аймак шаарга кайтарылып, парктын бир бөлүгү болот
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагында, Ахунбаев көчөсү, 97А дарегиндеги, мурда «Будда бар» жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына аймактагы учурдагы тосмону демонтаждоо тапшырмасын берди. Ал эми райондук администрациянын башчысына аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү, ошондой эле кошумча бак-дарактарды отургузуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бул аймакты парктын курамында сактап, анын функционалдык багытын өзгөртүүгө жол бербөөнү жана жер тилкесин парк менен бирдиктүү стилде көрктөндүрүүнү тапшырды.
