Бишкек чет өлкөдөн Кыргызстанга туруктуу жашоого көчүп келгендердин саны боюнча биринчи орунда
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Бишкек чет өлкөдөн Кыргызстанга туруктуу жашоого көчүп келгендердин саны боюнча биринчи орунда

Бишкек шаары 2026-жылдын январь-июнь айларында чет өлкөдөн Кыргызстанга туруктуу жашоого келгендердин саны боюнча аймактар арасында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаага 1 миң 590 адам келген. Ал эми 298 адам чыгып кеткен. Миграциялык өсүш 1 миң 292 адамды түздү.

Ош облусуна 1 миң 329 адам, Жалал-Абад облусуна 1 миң 327 адам, Чүй облусуна 1 миң 44 адам келген.

Ошол эле учурда калктын санына карата эсептегенде, келгендердин эң жогорку интенсивдүүлүгү Баткен облусунда катталган — 10 миң тургунга 11,8 адам.

Бишкекте бул көрсөткүч 10 миң адамга 11,6, Ош шаарында 11,3 адамды түздү.

Ал эми келгендердин эң төмөнкү интенсивдүүлүгү Нарын облусунда катталып, 10 миң калкка 2,1 адамды түздү.