Ошто чет элдик жаран милиция кызматкерине пара берген. Окуянын чоо-жайы
Ош шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери пара берген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-августунда 1980-жылы туулган А.Д., аттуу жаран кармалган. Ал Ош шаарынын аймагына коңшу өлкөдөн келип, тиешелүү каттоосу жок жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн.
Ага карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү документтерди алуу зарылдыгы түшүндүрүлүп, эскертилген. Бирок аталган жаран маселени оң жагына чечүү үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган.
Аталган факт Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө пара берүүгө шектелген жаран кармалып, Ош шаарынын соту тарабынан эки айга камалды.
