Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды
видеодон алынган кадр
26 август

Ош шаарында жаңы тест борбору ачылды

Бүгүн, 26-августта Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган борбордун шарттары, заманбап компьютердик класстары жана тестирлөө системасынын иштөө процесси көрсөтүлүп, борбордун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Жаңы тест борбору билим сапатын жогорулатууга, окуучулардын билим жетишкендиктерин заманбап талаптарга ылайык баалоого жана тестирлөө жүрүшүн ачык-айкын, ыңгайлуу жана сапаттуу уюштурууга багытталган.

Бул борбордун ачылышы Ош шаарындагы билим берүү тармагын санариптештирүү жана баалоо тутумун өркүндөтүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.