Байге фонду 3 млн сом. Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Айтыш 2026-жылдын 2-4-сентябрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтмөкчү. Жалпы байге фонду 3 млн сом.
Иш-чара кыргыз жана казак элдеринин кылымдардан бери келе жаткан руханий жана маданий байланышын бекемдөөгө, төкмөлүк өнөрдү даңазалоого жана жаш муундарга улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган.
Эл аралык айтышта Кыргызстандын жана Казакстандын таланттуу төкмө акындары ат салышып, курч сөзү, тапкычтыгы жана импровизациялык чеберчилиги менен өнөр сүйүүчүлөрүнө тартуулашат.
Акындар комуздун күүсү менен коштолгон айтыш өнөрүнүн салтын улантып, эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндөгү маанилүү темаларды ыр саптарына салышат.
