Өзгөчө балдарды өздөрүн акылсыз деп кабыл алуусуна жол бербешибиз керек 
30 август

Өзгөчө балдарды өздөрүн акылсыз деп кабыл алуусуна жол бербешибиз керек 

“Караван-Инфо” редакциясы педагог-дефектолог Алтынай Кубатбекова менен Чехиядагы инклюзивдүү билим берүү тууралуу маектешти. 

Алтынай, айтсаңыз, чех коомчулугу өзгөчө балдарга кандай мамиле жасашат?

Чехияда  жеңил түрдөгү акыл-эс бузулуулары бар балдарды кадимки мектептерге интеграциялоого багытталган инклюзияны жакшыртуу процесси уланууда. Бул үчүн шарттар түзүлөт: ассистенттер дайындалат, айрым учурларда класста эки педагог иш алып барат. Мындай балдарды коомго кошуу жеткиликтүү болот, бирок оор бузулуулары бар балдарга бул деле кыйын болушу мүмкүн. Мен аларга атайылаштырылган мектептерде ыңгайлуу болот деп эсептейм. Кандай болгондо да жеңил майыптыгы бар балдар үчүн инклюзия жигердүү өнүгүп жатат. Мамлекет андай балдарга, алардын ата-энелерине дагы олуттуу колдоо көрсөтүп, ар кандай уюмдар жана билим берүү мекемелери аркылуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. 

Мисалга “Терезиас” программасын ишке ашырган Масариков университетин алсак болот. Ал менталдык бузулуулары бар студенттерди колдойт жана аларга билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Жакында диплом тапшыруу аземине катышып калдым, анда көрүүсү начар бир кыз ассистентинин жардамы менен диплом алды. Бул инклюзиянын практикада кандай иштээрине, ар бир баланы билим алууга, коомго кошулууга болгон умтулуусун колдоо канчалык маанилүү экенине эң сонун үлгү болуп бере алат. 

Ата-энелерди окуу процессине тартасызбы? 

Сөзсүз түрдө. Аларга да кыйын, түшүнөм, бирок ата-энелер биз менен биргеликте умтулушу маанилүү. Эгерде үй менен мектептин ортосунда шайкештик болбосо, балдардын ийгилиги коркунучка кептелет. 

Мисалы, биз мектепте балдарды өздөрү кашык менен тамак жегенге үйрөтө баштаганда, бул тууралуу сөзсүз ата-энесин кабардар кылабыз. Алар бул процессти үйдө дагы улантып, балдарды өз алдынча тамактанууга көндүрүшү керек, болбосо прогресс жай жүрөт. Балдар акылдуу жана ыңгайлуулукка тез көнүшөт, ошондуктан аларга өз алдынча тамактанууга өтүү кыйынчылык жаратат. 

Эң оору - байланышта болууну каалабаган үй-бүлөлөр менен иштешүү. Айрым ата-энелер балдарын мектепке жеткиргенди гана билишет, а үйдө алар менен алектенишпейт. Бирок мындай учурлар аз. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын ийгилигине кызыкдар жана алдыга жылдырууга активдүү аракеттенишет. Мисалы, бизде 1-класста бир окуучунун апасы окуу процессин абдан активдүү колдойт. Ал үй тапшырмасын күтпөйт, кызы менен мектептен кийин өзү кошумча алектенет. Бул ата-энелердин баланын окуусуна аралашуусу канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Ар бир үй-бүлө уникалдуу жана ийгиликке жетүү үчүн жеке мамилени талап кылат. 

Чехиянын мектептеринде диагностика кандай жүргүзүлөт?

Эрте диагностика, ошол эле учурда аутизмди эрте аныктоо – үч жаштан баштоого мүмкүн болгон маанилүү кадам. Бул куракта ата-энелер биринчи белгилерди байкашы ыктымал: эгер бала бала бакчада балдарга аралашуудан кыйналса, бул олуттуу коңгуроо. 

Чехияда диагностиканы атайын педагогдор жана психологдор жүргүзүшөт. Психолог кандайдыр бир кемчиликти аныктаса, ал баланы бизге андан аркы текшерүүгө жөнөтөт. 

Биринчи класска келген бардык балдар диагностикадан өтүшөт, бул алардын муктаждыгын өз убагында аныктоого, басым жасоодон алыс болууга жана ылайыктуу классты же мектепти тандоого мүмкүндүк берет. Тилекке каршы, биздеги, Кыргызстандагы мектептерде математиканы жакшы түшүнбөгөн балдарга көп басым болоору байкалат. Бул дисграфия жана дислексия абалдарына таандык. Математикага жөндөмү жок болсо эле баланы акылсыз деп кабыл албоо керек. Айрым балдар тамгаларды жана сандарды айырмалоодон кыйналышат, бул кабыл алуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Бирок мектептерде көп учурда мындай жагдайлар эске алынбайт дагы кейиштүү кесепеттерге алып келет.

Сиздердин мектепте кандай практика колдонулат? 

Биз визуализацияны активдүү колдонобуз. Ар бир күн бүгүн жуманын кайсы күнү жана аба ырайы кандай экенин талкуулоо менен башталат. Бул үчүн күндүн, булуттун же жамгырдын сүрөттөрүн пайдаланабыз. Балдар ылайыктуу сүрөттү тандашат, бул айлана чөйрөнү жакшы таанууга жардам берет.  Аутист балдар үчүн пиктограмманы колдонобуз: күн тартиби сүрөт иретинде көрсөтүлөт – саламдашуу, иш аракеттер, оюндар. Визуалдык белгилер балдарга маалыматты жакшы кабыл алууга жардам берет. 

Музыкотерапия – дагы бир маанилүү аспект. Биз кичинекей барабандардан баштап ар кандай аспаптарды колдонобуз. Мисалы, балдарды ысымдарын муундап айттырабыз, бул угуусун жана ыргагын жакшыртат. 

Драматерапия дагы окуубузда орчундуу орунду ээлейт. Майрамдарга карата ар кандай сахналаштырылган оюндарды уюштурабыз. Атайын релакция үчүн  аянтчабыз бар. Ал жерде балдар суу матрацтарында эс алышат, ар кандай массаждарды жасайбыз. Бул балдарга өз денесин таанып билүүгө, эс алууга жардам берет.  

Ыкмалар абдан көп. Мага жаккандары – канистерапия жана хипореабилитация. Канистерапия иттер менен байланышууну камтып, жумасына бир жолу болот. Балдар иттердин жанына жөн эле жатышат же алар менен чогуу ар кандай көнүгүүлөрдү аткарышат. Хипореабилитация болсо – жылкылар менен байланыш. Балдар ат минишет же сыйлап-сыйпашат, бул айрыкча кыймылы чектелгендер үчүн пайдалуу. 

Өзгөчө балдар үчүн мектептен кийин кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Жогоруда айтып кеткенимдей, менталдык бузулуулары бар балдарды окутуудагы башкы максат – аларды өз алдынчалуулукка үйрөтүү. Биздин мектепте балдарды мектепти аяктагандан соң жумуш табууга мүмкүнчүлүгү болсун деп кол эмгегине көнүктүрөбүз. Бул жеңил менталдык бузулуулары бар балдарга ылайыктуу. Мисалы, бүтүрүүчүлөрүбүз атайылаштырылган кафеде иштей алышат. Айрымдары майыптыгы бар адамдар ар кандай чыгармачылык менен алектенүүсү үчүн түзүлгөн үйлөрдөн жумуш табышат: тикмечилик кылышат, сүрөт тартышат жана ар кандай буюмдарды жасашат. Алардын себет токуганын, куурчак тиккенин, ал турмак сатыкка самын жасашканын көрүп таң калгам. 

Аларды эмгекке үйрөтүп жана ылайыктуу жумуш таап алууга жардам берчү транзиттик программа бар. Жеңил бузулуулары барлар жардамчы болуп, үй тазалап же багбанчылыкка иштеше алышат. Менин классымда атасы автоунаа оңдоочу жайда иштеген бир бала бар болчу. Жакшы сүйлөй албаса дагы абдан кыймылдуу, мыкты моторикалуу эле. Бала атасына жумушунда жардам берет дагы, ал жактагылар абдан мактоо сөздөрүн айтышат экен. Бул менталдык бузулуулары бар балдарды коомчулукка кошууга жана жөндөмдөрүн өстүрүүгө эң сонун мисал болуп берет. 

Сиз Кыргызстандын инклюзивдик билим берүү тармагына эмнелерди жасоо керек деп сунуштайт элеңиз? 

Биринчиден, бардык балдарга жеткиликтүү болгон педагог-дефектологдор бар мамлекеттик мектептерди бир гана Бишкекке эмес, башка аймактарга да ачуу керек. Бизде жеке мектептер жана клиникалар абдан көп, бирок бардык эле үй-бүлөдө аларга барууга шарт жок. Бузулуулары бар балдардын дарылануусуна, диагностикасына жана терапиясына абдан чоң акча керектелет, ушул нерсе ата-энелердин акыбалын кыйындатат. Ошондуктан мен мамлекеттин колдоосу менен жалпы жеткиликтүү мектептерди ачууну кыялданам. Ошондой эле балдарда зарыл жардам алуу мүмкүнчүлүгү болушу үчүн кадимки билим берүү мекемелерине диагностиканы киргизүү керек. 

Ар бир мектепте квалификациялуу психологдор жана атайын педагогдор иштеши зарыл. Мисалы, эгерде балада математика боюнча олуттуу көйгөй байкалса, анын келечеги жок, башка балдарга окшошпойт деген сөздөрдү айтууну коюп, өз убагында диагностикадан өткөрүп, жардам берүү маанилүү.  
Предметтик педагогдор дефектологдун жардамы менен баланын өнүгүүсүндөгү болоор-болбос өзгөрүүнү да байкап, билим алуусун ылайыкташтырышы абдан зарыл. Мектеп тарабынан колдоо жана түшүнүү маанилүү, балдарда бизди кабыл алышат жана жардам беришет деген ишеним болсун. Ал баланын мээси башкачараак иштеши мүмкүн, бул нормалдуу нерсе. Азыр кемчилик сыяктуу сезилип жаткан нерсе келечекте анын артыкчылыгы болуп калышы ыктымал.