Айсулуу Алмаз: Ашыкча байлык эч убакта ырахат алып келбейт
Финансы адиси Айсулуу Алмаз өзүнүн финансылык сабаттуулукка кантип келгенин жана ашыкча чыгымдан арылып, минимализмге өтүүнүн жакшы жактары тууралуу айтып берди.
– «Акча мен үчүн маанилүү эмес», «акчасыз деле жашайм», «акча бакыт алып келбейт» деп миң ойлогон учурда деле, максатка жетүү үчүн акча сөзсүз керек. Бирок акча табууну билүү менен гана чектелбей, аны туура башкаруунун жолдорун да үйрөнүү керек. Мен 33 жаштамын, акыркы он жылда эл аралык финансы чөйрөсүндө иштейм. Үй-бүлөм: жолдошум жана уулум менен Канадада жашайм. Акыркы учурларда кесибимден жана жеке жашоомдон алган тажрыйбама таянып, финансылык эрежелерди түздүм жана аны менен башкаларды да тааныштырууну туура көрдүм. Албетте, булар мага гана тийиштүү, мага ыңгайлуу эрежелер. Эгерде ал сизге туура келбесе, анда өзүңүздүн ыңгайыңызга жараша эрежелерди түзүп алыңыз.
Биринчи эреже: карыз албоо
– Карыз темасы мен үчүн оорулуу тема. 2008-2013-жылдары Бишкекте Ала-Тоо университетинде студент болдум. Ошол маалда карызга байланышкан бир окуям бар. Баарыңыздар билсеңиздер керек, биздин студент кезде азыркыдай Бишкек өнүгө элек болчу. Студенттер иш табылышы кыйын эле. Анан үйдөгүлөр салган акчаган сырткары киреше тапкан ишим болсо го деп кыялданчумун. Ошондой кыял мени ошол убакта өнүгүп жаткан «Орифлейм» тармактык маркетингге жетелеп келди. Базарларды кыдырып косметика сатам. Акырындык менен ыгын алып, көбүрөөк акчага косметика алып көбүрөөк кардарга сатсаң жакшы киреше түшөт экен деген ойго жетелендим. Ошондой болоорунан үмүт кылып, үйдөгүлөр белек кылган бардык алтын жасалгаларымды ломбардка тапшырдым. Товарды Казакстандан тапшырык кылчубуз, акчанын баарына тапшырык жасадым. Бирок ал келгиче бизде революция болуп кетип, чек аралар убактылуу жабылды, качан ачылганда товар толук келген жок, жарымы жоголуптур. Ошентип, мен банкрот болдум. Балким, толук кандуу иштеген адам үчүн ал болбогон суммадыр, а ошол маалдагы мага өтө чоң акча эле. Ломбарддагы жасалгаларымдын пайызын ай сайын төлөөгө туура келди, андан улам тааныштардан, достордон карыз алдым. Акырында, арасынан бир гана чоң энем сатып берген сөйкөнү алдым, калганы кетти... А тиги алган карыздарымды кайтаруу кыйын болду. Ошондо өзүмө сөз бердим эч убакта карыз албайм деп. Эгерде артыңда карызды кайтарып берүүгө кепилдик жок болсо, эч убакта карыз албаш керек. Кредитке буюмдарды алуу да карыз болуп саналат. Мисалы, кредитке телефон ала турган болсок, ал телефонду эмне үчүн алаарыбызды анализдешибиз керек. Жөн гана башкалардын колунда Айфон болуп жатканы үчүн, аларга теңдешүү максатындабы же ал телефон кайсы бир ишиңизди бүткөрүп, киреше алып келеби? Жоопко жараша аракетке барыңыз. Башка бирөөгө окшошуу үчүн гана карызга батуу туура эмес.
Экинчи эреже: карыз бербөө
– Абдан жакын адамдардан сырткары адамдарга эч убакта карыз бербеш керек. Бул сараңдануу эмес, тааныштар арасында акча аралашса, аягы жаңжал менен аякташы мүмкүн. Бир таанышыңа берсең, экинчи таанышың да сураса, ага бербей кое албайсың. Ошон үчүн биз жолдошум экөөбүз турмуш жолубузду жаңы баштаганда эле, ата-эне, бир туугандарыбыздан башка адамдарга карыз бербейбиз деп сүйлөшкөнбүз. Биз азыр чет өлкөдө жашайбыз. Бирок бул жакта акча асмандан жаайт дегенди билдирбейт. Канча көп акча тапсаң, анын ар биринин орду бар. Кыялдарды ишке ашыруу керек дегендей. Эң негизгиси, карыз сураган адамга орой жооп бербей, дипломаттуу түрдө баш тартууга үйрөнүңүздөр.
Үчүнчү эреже: ашыкча буюм сатып алуу керекпи?
– Бир буюмду сатып алаарда өзүңүздөн бул мага эмнеге керек, аны күнүнө же айына канча жолу колдоном, бул менин кандай көйгөйлөрүмдү чечет деп сураңыз. Психологияда адам өзүнө мотивация берип туруу үчүн кайсы бир ишин аяктагандан кийин өзүнө белек берип турушу керек делет. А биз белекти массажга баруу, кино көрүү же жөн гана уктап эс алуу деп эмес, кайсы бир кымбат буюмду сатып алуу деп билебиз. Мисалы, мен Түркияда 4 жыл иштедим. Ал жакта бизнесте жүргөн аялдар түрк сериалдарындагыдай эле кийинишет. Аларды көрүп, бозоруп жүргүң келбейт, мен да кийим ала баштадым. Айрыкча дүкөндөрдө бир кийим алсаң экинчи кийим мынча пайыз арзандатуу деген көздү күйдүргөн акциялар көп. Мындан улам кийимди эсебине карабай алдым. А качан Канадага көчүп келгенде бул жакта адамдар кийимге көп маани бербейт экен. Жөнөкөй болуп жүрүшөт. Алардын фонунда мага күнүгө түрдөнүп кийинүү ыңгайсыз болду. Ашыкча кийимдерден арылдым дагы, минимализмди тандап алдым. Дүкөнгө бараарда эмне керек экенин так билиңиз жана анын чегинен чыкпаңыз.
Төртүнчү эреже: ашык дөөлөт баш жарат...
– Ашыкча байлык эч убакта ырахат алып келбейт. Адамдын биринчи муктаждыктары: үй, машина алуудагыдай ырахатты кийинки кошумча байлыктар тартуулабайт. Мисалга бир стакан сууну келтирейин. Абдан чаңкап келгенде биринчи стакан сууну абдан берилип ичесиң, даамын сезесиң. А экинчи стакан суу биринчидегидей ырахат бербейт, анткени чаңкооң басаңдап калды. Бизге ушул гана жетет дегенди мээге калыптандырып, көзүбүздү көндүрүп, напсибизди тыйып алгандан кийин кошумча кирешелер бонус катары гана кабыл алынып калат. Мисалы, ар бир өлкөнүн өз ченеми бар, Канадада адам бир жылда 73 миң доллар тапса, жакшы кийинип, жакшы тамактанып, балдарына жакшы билим берип жашай алат. Ушул жетиштүү. Андан ашканы ашыкча жүк.
Бешинчи эреже: жашоону дароо өзгөртпө
– Эгерде жашоомду өзгөртөм десең, ага 2-3 жыл даярдан. Мисалы, бүгүн мугалим болсоң, аны өзгөрткүң келсе, дароо эле таштап, башка кесипке кетип калба. Биринчи финансылык абалыңды ошол өзгөрүүгө даярда. Башка тармакка кеткенде анын оош-кыйышын билгиче дароо эле киреше келе койбойт. Бул арада балдарыңдын психологиясы өзгөрүшү мүмкүн. Анткени, ата-эненин финансылык абалы балдардын психологиясына абдан таасирин тийгизет. Адистер кесип алмаштырам десең, 2-3 жыл даярданып, андан кийин гана секир дешет. Абдан даярданып секиргенде алыска жетесиң.
Алтынчы эреже: Эмгегиңди баалай бил
– Эмгекти баалаганды билүү керек. Бизди жакшы адам бол деп тарбиялашкандыктан, өтө эле жоош болуп, айлык акы сурагандан, көбөйт деп айткандан уялып калганбыз. Андай нерсе менде да бар болчу. Макул деп баш ийип иштей бергенде, сенин улам топтолуп жаткан тажрыйбаң ошого жараша акыга татыктуу экенин түшүнүү керек. Балага кичине кезинен тартып эмгегиңдин акысы кандай болушу керектигин түшүндүрүү кажет. Бизге эптеп эле жумуш болсо илинип кал, эптеп иштей бер дешчү. Азыр жашоо өзгөрүп жатат, илгерки түшүнүктөрдөн арылып, азыркы заманга ыңгайлашуубуз шарт.
