Кыргызстандын туруктуу калкы жыл башынан бери 56,5 миң адамга көбөйдү
Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын январь–июнь айларында 56,5 миң адамга же 0,8%га өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары күбөлөндүрөт.
2026-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7 млн 460,8 миң туруктуу жашоочу катталган. Жыл башында бул көрсөткүч 7 млн 404,3 миң адамды түзгөн.
Абсолюттук мааниде калктын эң көп өсүшү Бишкек шаарында катталды — борбор калаанын калкы 14,4 миң адамга көбөйүп, 1 млн 373 миң адамга жетти.
Жалал-Абад облусунда калктын саны 10,4 миң адамга өсүп, 1 млн 390,3 миңди түздү. Ош облусунда 10 миң адамга көбөйүп, 1 млн 448,5 миң адамга жетти.
Чүй облусунун калкы 5,8 миң адамга, Баткен облусунда жана Ош шаарында 5,4 миң адамдан өстү.
Калктын эң аз абсолюттук өсүшү Нарын облусунда катталып, 1,2 миң адамды түздү.
