Махабат Мавлянова: «Көчмөндөрдүн оюндары – жандуу тарых, жандуу символ»
11 сентябрь

Махабат Мавлянова: «Көчмөндөрдүн оюндары – жандуу тарых, жандуу символ»

Көчмөндөрдүн улуттук оюндары – спорт гана эмес, ата-бабадан калган баалуулуктарды муундан муунга өткөргөн мектеп. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова көчмөн мурастын бүгүнкү коомдогу орду жана Көчмөндөр оюндарынын кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуудагы мааниси тууралуу айтып берди.

– Махабат Эргешовна, көчмөн элдин негизги артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?

– Менимче, көчмөн элдин негизги артыкчылыгы – шартка бат ылайыкташуу: жаратылыш менен эсептешүү, ресурстарды үнөмдүү колдонуу, ыкчам кыймылдоо. Өзгөчөлүгү болсо – эркиндикти сүйгөн жашоо образы, ат менен байланышкан маданияты, оозеки мурасы жана меймандостугу.

– Кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты Көчмөндөр оюндары аркылуу дүйнөгө кандай деңгээлде таанылууда?

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу кыргыздын ат оюндары, комузу, боз үйү жана салттуу өнөрлөрү кеңири жайылтылып калды. Бул Кыргызстандын маданий жүзүн, көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө таанытып, өлкөнүн аброюн да жогорулатууда.

– Көчмөндөрдүн улуттук оюндары жаш муунга кандай баалуулуктарды берет?

– Көчмөндөрдүн улуттук оюндары жаштарга чыдамкайлык, намыска бек туруу, жоопкерчилик, жамаатта иш алып баруу, улууларды урматтоо сыяктуу баалуулуктарды берет. Бул оюндарда күч менен катар акыл, тактык, эрежеге баш ийүү маанилүү. Жеңсе да, жеңилсе да өзүн токтоо кармоону үйрөтөт. Ошону менен бирге салтты, тарыхты сезип, өз тамырына сыймыктануу сезими пайда болот. Натыйжада тартиптүү, мекенчил, жигердүү муун калыптанат.

– Кыргыз элинин ат оюндары жана улуттук спорт түрлөрүнүн тарыхый мааниси кандай?

– Кыргыз элинин ат оюндарынын тарыхы терең. Мисалы, көк бөрү – жамааттык рухту, эрдикти; эңиш – чыдамкайлыкты жана тактиканы; кыз куумай – ылдамдыкты, шамдагайлыкты даңазалайт. Бул оюндардын баары көчмөн турмуштун өзгөчөлүгүнөн келип чыккан: ат минүү, мергенчилик, жоокерчилик, өз ара жардамдашуу. Алар жөн гана спорт эмес, коомдук байланыштарды бекемдеп, муундан муунга баалуулуктарды өткөрүп келген мектеп болгон. Бүгүн болсо бул оюндар улуттук өзөктү сактап, дүйнөгө кыргыз маданиятын тааныткан символдордун бири болуп калды.

– Көчмөндөрдүн жашоо образынан бүгүнкү коом кандай сабак ала алат?

– Эң алгач, көчмөндөр жаратылышты урматтоо, ашыкча керектөбөө, ресурстарга этият мамиле кылуу деген түшүнүктү алдыга коюшкан. Ошол сабак бүгүн абдан маанилүү. Экологиялык тең салмактуулук, туруктуу жашоо, жөнөкөйлүктүн баалуулугу. Экинчи сабак – жамаатчылык. Көчмөндөрдө бир адам жалгыз кете албайт, бири-бирине таянышкан. Азыркы коомдо да бул ынтымак, колдоо, ишеним деген түшүнүктөрдү бекемдейт. Үчүнчү жагы – эркиндик менен жоопкерчиликтин тең салмагы. Эркин жашашкан, бирок ошол эле учурда коомдун тартибине баш ийишкен. Мындай ой жүгүртүү азыркы динамикалуу дүйнөдө да маанилүү. Ушул түшүнүктөрдү жашоого ылайыкташтырып, колдонсок, коом бекемделет.

– Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн сактоого кандай салым кошууда?

– Көчмөндөр оюндары, мисалы, көк бөрү, эңиш, жаа атуу – кыргыздын мүнөзүн, чыдамкайлыгын, жамааттык духун даана көрсөтөт. Бул оюндар аркылуу тил, салт, ат үстүндөгү маданият сакталат. Ошондой эле жаштар үчүн бул – өзүн таануу, ата-бабанын жолун сезүү, дүйнө алдында өзгөчө жүзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Бул спорт эле эмес, жандуу тарых, жандуу символ сыяктуу да.