Жамин Акималиев, академик: Быйылкы жыл кургакчыл болгондуктан, суу жетишпей түшүм аз болду
20 ноябрь

Жамин Акималиев, академик: Быйылкы жыл кургакчыл болгондуктан, суу жетишпей түшүм аз болду

Климаттын өзгөрүшү бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнө жүзүнүн башкы көйгөйүнө айланууда. Глобалдык жылуулук шартында кантип азык-түлүк коопсуздугун сактап жана биринчи керектөөдөгү жашылча-жемиштер менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай алабыз, дыйкандардын эмгегинин акталышына кандай шарттар зарыл – өсүмдүк өстүрүү жана топурак таануу жаатындагы окумуштуу, академик Жамин Акималиев ушул суроолордун тегерегинде ой бөлүштү.

– Жамин агай, быйылкы жыл кургакчыл болду. Түшүмдүн аздыгынан жашоо оор болот деген божомолдор айтылууда. Эми азык-түлүк коопсуздугу жаралбайбы?

– Быйылкы жыл чындыгында эле кургакчыл болуп, суу жетишпей түшүм былтыркыга караганда бир кыйла азайып кетти. Анын негизинде республикада азык-түлүк коопсуздугу жаралышы мүмкүн деген да пикирлер бар. Жыл татаал болсо да, жашылча жана картөшкө менен элди толук камсыз кылабыз. Ал эми эгин боюнча акыбал оор. Мисалы, жылына бизге 1 миллион тонна буудай керек болсо, быйылкы жылы 550 миң тонна гана буудай өндүрүлгөнү турат. Ошентип бул жагынан азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч бар. Абалдан чыгыш үчүн керектелүүчү буудайдын жарымын Казакстан менен Орусиядан сатып келгени турабыз. Ошонун негизинде нан кымбаттап кетиши мүмкүн деген божомол бар. Кудай буюрса, нан менен эл камсыз болуп, буудай сырттан келсе дагы баа көтөрүлбөйт деген тилектемин.

– Неге кант кызылчасынын түшүмү быйыл кескин төмөндөп кетти?

– Туура айтасың, кант кызылчасынын түшүмү былтыркыга караганда быйыл эки эсеге түшүп кетти. 2024-жылы кант кызылчасынын түшүмү мол болуп, 120 миң тонна кумшекер өндүрүп кубанганбыз. Негизи Кыргызстанга  жылына 150 миң тонна өлчөмүндөгү кумшекер керектелет. Биз кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз 80 пайызга камсыз кылдык деп сүйүнгөнбүз. Быйыл суу жетишпегендиктин айынан бар болгону 60 миң тонна гана кумшекер өндүрүлгөнү турат. Калганын сырттан алып келүүгө туура келет. Ошентип, тилекке каршы, быйылкы жылы кумшекер боюнча коопсуздук жаралууда.

Бизде Орто-Токой суу сактагычы бар. Ал жерде 470 млн кубометр суу топтолот. Совет доорунда бул көлөм Чүй өрөөнүнө берилип, 40 миң гектар аянттагы кант кызылчасын суу менен толук камсыз кылчубуз. Быйыл болсо, болгону 13,5 миң гектар жерге гана же болбосо мурдагыга караганда 3 эсе аз себилген. Ошого да суу жетпей, түшүм эки эсеге азайып кетти. Мындай орчундуу көйгөй боюнча суу ресурстары жана Айыл чарба министрлиги терең ойлонушу керек. Мен эл аралык келишимдерге каршы эмесмин. Бирок биринчи кезекте өзүбүздүн керектөөлөрүбүздү эске алып, анан артса, сууну башкаларга берсек туура болмок. Анткени, кайсы гана өлкө болбосун, а дегенде өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Ресурстар ашып-ташып турса, анда коңшулар менен бөлүшсөк болот.

– Мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жолго коюлбагандан, алар ысырапка учурап жатабы?

– Ооба. Бизде абдан сапаттуу мөмө-жемиштерди өндүрүүгө тийиштүү шарттар бар. Башкасын айтпасам, дагы Ысык-Көл менен Баткенди мисалга келтирейин. Көлдө кандай гана сонун алма, алмурут, өрүк, кулпунай, карагат жана малина өсөт. Баткендин өрүгү сапаты боюнча дүйнөлүк стандартка туура келет. Кайра иштетүүчү ишканаларды тезирээк ишке киргизип, анан гана алынган түшүмдү сыртка чыгарсак, биздин дыйкандарга да жакшы,  мамлекетке да пайдалуу болмок. Кайра иштеткен ишканалардын абдан аздыгынан өндүрүлгөн мөмө-жемиштин 40 пайызга чейинки көлөмү коромжуга учуроодо. Биз ушул жактан аксап жатабыз. Баткендин мыкты өрүгүнүн пайдасын тажик туугандар эле көрүп жатат. Алар мөмөбүздү арзан баада алып, анан аны кайра иштетип сырткы мамлекеттерге, мисалы ошол эле Орусияга 5 эсе кымбат сатып жатышат. Мурда болсо өндүрүлгөн жер-жемишти сактаган, аны кайра иштеткен ишканалар бизде көп болчу. Жок эле дегенде 35 пайызын кайра иштетип, варенье, шире чыгарчубуз. Кургатчубуз. Ошентип жөн сатканга караганда бир жарым эсе көп киреше тапчубуз.

Министрлик ушул жагынан кол кабыш кылып, дыйкандарыбызга жеңилдетилген насыя акча берип, мөмө-жемишти сыртка чыгара алсак, жакшы болмок. Кейигеним, фермерлер маңдай тери менен өндүрүп алган сапаттуу жер-жемишти коромжуга учуратып алып, керектөөбүздүн жарымынан көбүн чет мамлекеттерден сатып алганыбызда. Сырттан келген мөмө-жемиштер мөөнөтү өтүп кеткен же болбосо жасалма болуп жатат. Андай азыктардын элибиздин ден соолугуна тийгизген зыянын аныктаган эч ким жок.

– Өсүмдүк майы боюнча не айта аласыз?

– Өсүмдүк майы болбосо тамак-аш жасалбай калат. Доктур адистерибиз “малдын майын көп жебегиле, тамакка өсүмдүк майын колдонгула” деп какшап эле жатышат. Кыргызстанда керектелүүчү өсүмдүк майынын 80 пайызы сырттан ташылып келет.  20 пайызын гана өзүбүз өндүрөбүз. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Өсүмдүк майы кымбаттап кетти дебей  күнкарама, зыгыр, сафлор, рапс, соянын аянтын 3-4 эсе көбөйтүп, өндүрүлгөн данын кайра иштетсек, бул маселе чечилет.

– Кыргызстан өзүн картөшкө менен камсыздай албай калдыбы? Эмнеге Кытайдан картөшкө сатып келе башташты?

– Картөшкөнү абдан көп өндүрөбүз. Элибизди камсыздоого 600 миң тонна эле жетет.  Биз болсо 1 миллион 200 миң тоннага чейин картөшкө өндүрөбүз. Бул үчүн дыйкандарга алкыш айтышыбыз керек. Бирок ошого карабай алып сатарлар картөшкөнүн баасын жогорулатып жатышат. Буга Антимонополия деген кызмат чара көрүшү зарыл.

Кыргызстанда өстүрүлгөн картөшкөнүн сапаты жогору болгонуна байланыштуу Өзбекстан аны бизден жакшы баа менен сатып алып жатат. Бул дыйкандар үчүн пайдалуу. Мээнети кайтат. Бирок ошол эле ортомчулар картөшкөнүн баасын көтөрүп, шаардыктарга кыйынчылык жаралууда. Тийиштүү органдар бул маселеге кийлигишип, аны ыраатташтыруу керек. Мына ошондо гана дыйкандарга дагы шарт түзүлөт, айдоо жери жок шаардыктардын дагы кызыкчылыгы эске алынат.

Кыргызстандан картөшкөнү убактылуу сыртка чыгарбоо жөнүндөгү Өкмөттүн токтомун мен жактырам. Анткени бул картөшкөнүн баасын туруктуу бир деңгээлде сактап турууга шарт түзөт. Баа саясатын колго алып, анан картөшкөнү өзүбүздө сактап, кайра иштетсек эле маселе оң жагына чечилет.

Ал эми Кытайдан келген картөшкө кимдин бизнеси болсо да, укук коргоо органдары тыкыр иликтөөгө алышы зарыл. Биздин даамы сонун картөшкөбүз турса, кытайлардын таттуу картөшкөсүн алып келгендерди жоопкерчиликке тартсак туура болот. 

– Эттин баасын алып сатарлар эле көтөрүп жатабы же чын эле малчылар малды кымбат сатып жатабы?

– Эт маселесинде дагы олуттуу көйгөйлөр бар. Кой-эчкиге караганда кара мал менен жылкынын саны көбөйдү. Кой баккан майда жумуш экен деп көбү жылкы менен кара малга өтүп кетишти.  Мунун эсебинен эт өндүрүү көбөйүп, керектөөбүз 80 пайыздан жогору камсыз болууда. Ошондой болсо дагы, малыбызды жайында жайлоого айдап жиберип эле туруп калбастан, аны бордоп семиртүүгө өтүшүбүз зарыл. Союз мезгилинде  малды бордогон  ири комплекстер бар болчу. Мисалы, Сокулукта кара малды семирткен атайын имарат куруп, суткасына бир килограммдан өсүш алганбыз. Тоют менен толук камсыз кылчубуз. Беденин кургак чөбүнөн сырткары силос, сенаж жана жем (арпа) берчүбүз. Жайында ысыктан, кышында сууктан сактачубуз. Мына, ушунун эсебинен өзүбүздү гана эмес, Москва, Ленинграддай чоң шаарларды эт менен камсыз кылчубуз. Азыр андай жок. Болгон имараттардын баары талкаланып таланып кеткен. Малды бордоп семиртүү деген жок болду. Бул ыкманы кайра калыбына келтирсек эле, эт өндүрүү да көбөйөт жана эттин баасы дагы жогорулабайт.

– Бакыт Төрөбаев эки кызматты бирдей алып кетип жатабы же аксап атабы?

– Жок, Бакыт Төрөбаевдин бир эле учурда Өкмөт башчысынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министри болушу абдан туура болду. Президент Садыр Жапаровдун бул чечимин мен колдоймун. Анткени, Союз учурунда Госагропром болуп турганда айыл чарбабыз гүлдөгөн. Госагропромдун төрагасы бир эле учурда өкмөт башчысынын биринчи орун басары болгон жана ал СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Ыйгарым укуктары аябай чоң болгон. Ал жалгыз эле айыл чарбасын тейлебей, тийиштүү башка министрликтерге, облустардын жана райондордун жекетчилерине дагы тапшырма берүүгө акысы бар болчу. Мына ошонун негизинде маселелер тез чечилип, ишибиз алдыга жылган. Бакыт Төрөбаев дагы эки кызматты бир колго топтоп, жумушубуздун ийгиликтүү болушун камсыз кылууда. Эгерде мурда өзүбүздү өзүбүз 3 гана азык-түлүк (жашылча, картөшкө жана сүт) менен камсыз кылып келсек, азыр бул көрсөткүч 5-6га чейин көбөйдү. Ушул темп менен жүрүп отурсак, алдыдагы 5 жылда буудай, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш жана жумуртка менен дагы элибиздин муктаждыгын толук канааттандырабыз деген ойдомун.

Бакыт Төрөбаевдин көңүлүн төмөнкүдөй маанилүү маселелерге бурар элем.

1. Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылы чыгарган Буйругуна ылайык, өлкөдөгү майда-чүйдө, натыйжасыз 500 миңдей дыйкан чарбаларын коопертивдерге ирилештирүү жана бул максатта жергиликтүү фермерлерди үстөгү төмөн, жеңилдетилген насыя акчалар менен камсыз кылуу. Башкача айтканда, аларды материалдык жактан кызыктыруу. Коопертивге өтөбүз деген дыйкандарды заманбап техника, сапаттуу үрөн, асыл-тукум мал, сугат суусу менен толук камсыз кылуу жана аларды 5-6 жылга салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуп коюу. Коопертивдерде өндүрүлгөн азык-түлүктүн сакталышын, сатып алуусун жана экспортко чыгуусун камсыз кылуу.

2. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 2030-жылга чейин 50 пайызга жеткирүү.

3. Колубузда болгон суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып жана каналдарыбызды бетон менен жабуунун эсебинен бардык айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен камсыз кылып, талааларыбыздан мол жана туруктуу түшүм алуу.