Манас шаарында унаадан ок чыгарган жарандар кармалды
Манас шаарында унаадан ок чыгарган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя 22-августта катталып, анын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2007-жылы туулган У.К. жана 2004-жылы туулган К.К. аттуу жарандар кармалышып, тергөөгө камсыз болушту.
Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
