Ошто мыйзамсыз жүргөн 518 чет өлкөлүк аныкталды
Ош ОИИБ
26 август

Ошто мыйзамсыз жүргөн 518 чет өлкөлүк аныкталды

Ош облусунун аймагында 5-августтан тартып милиция кызматкерлери тарабынан “Нелегал” аталыштагы ыкчам профилактикалык алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Анда кызматкерлер облус аймагында окуп, иштеп же дагы башка максаттар менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин текшеришүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзасмыз өтүү бузуп өтүү фактысы боюнча 3 кылмыш иши аныкталды жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысы боюнча 1 кылмыш иши аныкталды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын бузган 518 чет өлкөлүк жаранга протокол түзүлүп, 3 003 000 сом айып пул салынды.

Аны менен катар кызматкерлер чет элдиктер иштеген мекемелерге барышып, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо, үрп-адаттарына сый мамиле кылуу жана ар кандай чагымчыл аракеттерге азгырылбоо, кандайдыр бир көйгөй жаралса, ички иштер органдарына кайрылуу зарылдыгын эскертишти.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара өзүнчө көрсөтмө болгонго чейин улантылат.