Жыргалбек Мойдунов, Ханбийкенин атасы: “Ханбийкем жашап кетишине жардам бергилечи”
Жашоо биз ойлогоной нукта боло бербейт. Күтүлбөгөн жерден сокку уруп, адамзатты аксатып, түркүн сыноо берет эмеспи. Айрыкча бала аркылуу келген сыноо ата-эне үчүн азаптын тозогу болсо керек. Биздин бүгүнкү маектешибиз Жыргалбек мырза өз канынан жаралган таланттуу кызын жабышкан оорудан арачалай албай далбастап келет.
“Кызымдын оорусу нес кылып айлабызды курутту”
Өзүм Нарын облусунун Жумгал районунан болом. Бирок балдарыбыз жакшы мектептен билим алсын, жакшы жетишкендиктерге жетишсин, чоң мүмкүнчүлүк борбордо деп көп жылдан бери Бишкек шаарында жашап келебиз. Келинчегим Токтогулдан болот. Экөөбүз төрт балалуу болуп жашообуз өз нугунда өтүп жаткан. Кызымдын күтүүсүздөн келген оорусу баарыбызды нес кылып айлабызды курутуп жатат. Азыр кызым Түркияда химиотерапия алып жаткан чагы. Жакында эң чоң операцияны башынан өткөргөнү жатат.
“Кыл кыякта ойноп, клипке тартылып жакшынакай эле жүргөн”
Балдарымдын улуусу эркек, андан кийинки кызым Бишкекте Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайда билим алат. Ханбийке үчүнчү кызым, мүнөзү шайыр, таланттуу, өнөрлүү кыз. Музыкага шыктуу болгон үчүн М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке берген элек. Кыл кыякта ойноп, клипке тартылып жакшынакай эле жүргөн. Ушул жайында кайын журтума учурашып, балдарымды алып Токтогулдун тоосуна жайлоого барган элек. Ал жактан Ханбийке “ата, бутум ооруп жатат” деп даттанып калды. Шишип калыптыр. Бир нерсеге катуу урунуп калган го, же тоого чыкканда күч келип калса керек деп ойлодук. Апасы бака жалбырак тартып көрөйүн деди. Бирок эмнегедир башкача шишиктей көрүндү. Ошондон эле борборго келип ооруканага көрсөтсөк рак илдетине окшошуп жатат деп анализдерди тапшыртууга жиберишти.
“Ойноп-күлүп жүргөн кызым ооруканада аты жаман оору менен күрөшүп жатат”
Адам болгондон кийин баарыбыз эле “бала” деп жашайт экенбиз. Мындай сыноону душманыма да каалабайт элем. Кызым текшерүүдөн өткөндөн кийин врачтар остеосаркома илдети экенин айтышты. Бул эң кооптуу оору экенин билгенде үстүмдөн муздак суу куйгандай эле болду. Дарыланууга, операциясына эң көп каражат кетет экен. Жаркылдап, ойноп-күлүп, ырдап-бийлеп жүргөн кызым бир заматта ооруканага байланып, аты жаман оору менен кармашып жатканын көргөндө айлам куруп, уктабай калдым. Ханбийкем 13 гана жашта, анын турмуш жолуна узаганын, бактылуу күндөрүн көргүм келет. Мындай сыноону эч кимге каалабайт элем.
“Кайрымдуу элимден жардам сурайм”
Баладан сыноо берген бул дүйнөнүн тозогу деп билдим. “Ата, мен эмнеге ооруп калдым. Мен айыгамбы?” деген суроону бергенде жооп бере албай, жубатууга сөзүм жок кейийм. Дартты өзүм тартчу күчкө ээ болсом кызымды кыйнабай эле өзүмө алып албайт белем! Эмне кылам? Аргам түгөнүп кээде көрсөтпөй ыйлайм. Кудайымдан жалбарып “жакшы болуп кетүүсүнө шыпаа бер” деп тиленем. Өзүм “Тазалыкта” айдоочу болуп иштеп карапайым жашоодо жашап келгем. Азыр апасы менен Ханбийке Түркияда, мен беш жаштагы кызымды карап иштебей калдым. Карапайым элимден айланайын, жардам берип жатышат. Бирок кызымдын операциясына абдан көп каражат керектелет экен. Дале жетпей кайрымдуу элден жардам сурап турган чагыбыз.
