Бейшегүл Сариева: Кыз төркүнүнө барктуу болсо, барган жеринен да барк табат
Бейшегүл Сариева өмүрүнүн көп жылын өлкөнүн финансы тармагына арнаган. Учурда ардактуу эс алууда. Жалаң цифра менен иштеген адамдын жашоосу, ойлору да так болуп калаарын өзүнүн жүрүм-туруму менен далилдеген Сариева аялдын коомдогу жана үйдөгү орду тууралуу ой бөлүшүп, турмуштан өз ордун тапкан баланы чоңойтуу үчүн эне биринчи өзүнүн ордун табышы керек экенин билдирди.
– Өмүр бою мамлекеттик кызматчы болуп, финансы, салык тармактарында иштептирсиз, өткөн күндөрдү эстегенде биринчи эсиңизге эмне келет?
– Күнү-түнү иштеп жүргөнүбүз. Биздин тажрыйбага толуп-бышып турган чагыбыз Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жаңы алган жылдарга туура келди да. Ошол маалда Салык кызматы жаңы ачылып, финансы бөлүмүнөн кызматкерлерди ал жакка которушту. Биз биринчи жаңы ачылып жаткан кызмат болсо, эртең жабылып калса эмне кылабыз деп ишеңкиребей, барбайбыз деп качканбыз. Бирок ошол малдагы министр Кунакунов өзү келип түшүндүрүп, бул кызматтын келечеги кең экенин айтканда, анан макул болуп барган элек. Жаман болбоду. Ал жактан жолубузду таптык. Бирок биринчи жылдарда элде салык төлөө деген түшүнүк жок болгондуктан, анын үстүндө жокчулук желкеден баскан жылдар эмес беле, элде акча жок, а биз салык чогултушубуз керек болуп аябай кыйналганбыз. Колубузга эмне тийсе, эл эмне бере алса, ошону менен салыкты эсептеп алып, анан кайра аны сатып, акчасын мамлекетке төлөп, айтор, жакшы эле эмгек кылдык. Кытайдын чоң чаар баштыгына салык төлөөчүлөрдүн журналдарын салып алып сүйрөп жүрчүбүз. Биздин жаштык ошентип өтүп кетти.
– Ошол убакта салык жаатында иштегендердин “эл бизди көргөндө жаа бою качышчу” деп айтышканын угуп калдым эле. Сизде да ушундай окуялар болгонбу?
– Бир жолу эртең менен эрте жашылча-жемишти дүңүнөн саткан жайга барып калдым. Кышкыга даярдык кылайын деп барган болчумун да. Бир убакта эле толкун болуп кетсе болобу. Баары эле алда неден коркуп жатышкансыйт, аларды көрүп мен да коркуп, эмне болгонун сурасам “салык инспекциясынан келишти” дешет. Анан ойлондум, биз аябай эле коркунучтуу көрүнүп калган турбайбызбы деп (күлүп).
– Ошол маалда турмуш куруп, балалуу болуп калган чагыңыз болчу да. Ошондой күн-түн дегенди билбеген жумуш менен балдардын түйшүгүн, үй-бүлөнү кантип чогуу алып кеттиңиз?
– Менде бир жеңилдик бар эле – жолдошум да салык кызматкери болчу. Аял менен күйөөнүн бир толкунда, бир тепкичте болгону өтө жакшы. Чогуу иштешкен аялдардан угуп калчумун, жумуштан баргандан кийин дагы “жумуш” – кайда жүрдүң, эмнеге кеч келдиң деген мээ чакмайлар башталаарын. А менде андай жок болчу. Бизди кээде түн жарымда да чакырышчу, рейдде чыгуу керек деп. Андайда мени чакырса мен, жолдошумду чакырса жолдошум жоокердей болуп тура калып жөнөп кетчүбүз. Бирибиз кетсек, экинчибиз балдарды карап калып, бири бирибизге жөлөк болдук.
Балдарымдын бала бакчадагы тарбиячысын дээрлик көрбөдүм десем да болот. Анткени, эртең менен эрте жумушка баратып таштайм, ал убакта бала бакча ачыла элек болот, кароолчуга дайындап коюп кетем. Кечинде кеч чыгып келсем, тарбиячы баламды кароолчунун жанына отургузуп коюп кеткен болот. “Тарбиячыларын көргөн жокмун, бирок кароолчуну жакшы тааныйм” деп күлүп калчумун. Ошентип жүрүп 3 балабызды чоңойттук, окуттук, чоң турмушка узаттык.
– Өмүрүңүздүн көп бөлүгүн жумушка арнап өткөргөнүңүзгө азыр өкүнбөйсүзбү? Дегеле аял үчүн эмне маанилүү: балдарынын кашында тарбия берип отуруубу же коомдо өз ордун табуубу?
– Аял да адам. Биз ошону түшүнүшүбүз керек. Ал дагы окуп, билимдүү болуп, өнүгүп, өзүн коомдун бир бөлүгү катары сезгидей даражага жетиши керек. Албетте, бала төрөө, тарбиялоо сыяктуу жаратылыштан берилген милдетин эч ким жокко чыгарбайт. Бул сөзсүз боло турчу нерсе. Эне дегредация болуп, өз түйшүгүнөн чыга албай, ошонун айланасында эле болуп калганда бул балага таасир этет. Эненин иштеп, өзү үчүн ийгиликтерди жаратып жүргөнү баланын келечегине чоң мотивация болот. Эч убакта аял өзү үй тиричилиги менен гана чектебеш керек деп ойлойм. Каалоо болсо баарына жетишүүгө болот. Билим алып да, иштеп да, бала багып да.
– Сиз жогоруда жолдошуңуздун колдоосун белгилеп өттүңүз. Ошондо, аялдын иштеп да, үй-бүлөнү да алып кетишине же кайсы бир ийгиликке жетишине жолдошунун колдоосу маанилүү болуп калабы?
– Азыр ийгилик жаратып, аты таанылып калган аялдар көп. Ошолордун баарын эле жолдошу таяп-жөлөп, колдоп жаткан жок да. Колдоо болбосо деле күчтүү аялдар өз жолун таап жатышпайбы. Өз жолун да таап, балдарын да чоңойтуп, сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин жасагандар четтен чыгат. Сени менен бир толкундагы жолдошко жолугуу – лотерея сыяктуу эле нерсе. Бирок андай болбой калса, кейип, өкүнүп отура бергиче, алдыга жылууга, өзүңө өзүң канат-бутак болууга аракеттен деп айтат элем.
Аял кызматкерлерде жоопкерчилик күчтүүрөөк болот, алар өзүнө тагылган милдетти тыкан, так аткарышат. Байкап көрсөңөр, жумуштун көбүн, майда бирок маанилүү нерселердин баарын аялдар жасашат, а жетекчилердин көбү эркек кишилер.
– Балдарыңызды тарбиялоодо кызыңыздын пайдасына эмнелерге көңүл бурдуңуз?
– Эки уул, бир кызым бар. Бизде, кыргыздарда ушундай көз караш бар эмес беле, кыз бала башка бирөөнүн бүлөсү деп, а эркек баланы тукумумду улантат, очогумдун отун өчүрбөйт деген өзгөчө мамиле менен бапестеп. Мен эркек балдарымда дайыма айттым жана азыр да айтып турам. Мени сыйласаңар, кызымды сыйлагыла, бул башка бирөөнүн бүлөсү, а силер буга төркүнсүңөр. Кабарын билип, ал-акыбалын сурап тургула дейм. Азыркы учурда аялдарга карата зомбулуктун күчөп жатканы так ушул төркүн деген улуу түшүнүктүн чөгүп баратканынан да болсо керек деп ойлоп калам. Кыз төркүнүнө барктуу болсо, барган жеринен да барк табат.
