Жылдыз Жолдошова: Келбетиңерди гана эмес, дүйнө таанымыңарды да сулуулагыла. Эркектин сүйүүсүн сулуулук эмес, билим сактайт
19 сентябрь

Жылдыз Жолдошова: Келбетиңерди гана эмес, дүйнө таанымыңарды да сулуулагыла. Эркектин сүйүүсүн сулуулук эмес, билим сактайт

Жашоодо ийгиликке жетишип, карьералык тепкичин түптөгөн адамдар көпчүлүккө стимул болуп берээри анык. Алардын өмүр жолуна үңүлө келгенде ушул бойдон асмандан түшүп калбаганына, жетишкендиктери эмгектин, тырышчаактыктын натыйжасында болгонуна ынанасың. Алар да көпчүлүктүн бири катары айыл жергесинде туулуп-өсүп, жокчулукту да, барчылыкты да көрүп, кубанычтын да, кайгынын да даамын татышкан. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошованын да өмүр жолу эч кимди кайдыгер калтырбайт. Акты ак, каранын кара экенин кашкайта айткан айымдын тагдыр жолу сыдыргыга салгандай шыр кеткен эмес. Бирок билимге умтулуусу, эмгекчилдиги менен баарын жеңген.

– Балалыгыңызды эскергенде эсиңизге эмнелер келет?

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Фрунзе колхозунда төрөлүп өстүм. Атам бул жашоодон эрте кетти. Жаш кезинде жесир калган апам жети баланы жалгыз чоңойтту. Жалгыз болсо да балдарын жакшы нерседен кем кылбады, өксүткөн жок. Жерден боорубузду көтөрөөрүбүз менен апамдын жеңилин жерден, оорун колдон алууга умтулуп баштадык. “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей, кыйынчылык көп коштолсо да, балалыгым эне мээриминин алдында бактылуу өттү. Мектепте абдан шок элем, мугалимдеримден канча уруш уктум. Бирок сабакты жалаң бешке окучумун. Айтканымдан кайтчу эмесмин, өжөрлүккө салып көздөгөнүмө жетмейинче былк этпеген мүнөзүм бар эле. Бала кез оюн менен эсте калат да. Күн жылыгандан тартып кечке маал теңтуштар болуп ак чөлмөк оюнун ойнойт элек. Шахмат, шашки да кызык болчу. Азыркы балдар ойнойбу билбейм, биздин убакта “кызылдар жана душмандар” деген кызыктуу оюн бар эле, эки топко бөлүнүп алып, чек араларыбызды белгилеп койчубуз. Кандай болбосун ошол чийинден өтүп, каршылашыңдын аймагынан байрагын ала качып, өзүң тарапка өтүп келишиң керек. Менин боюм узун болчу, а мындай оюнда, боюу, буту узун болуп, чоң арыштагандар жеңишке бат жетчү. Кайсы топко кошулсам ошол топ жеңишке жетишкендиктен, акырында теңтуштарым мени “бир дагы топко кирбесин” деп талап коюшкан. Ал кезде бул мени ызалантчу, а азыр сагынычты гана пайда кылат.

– Жашооңуздагы эң оор учурду айтып бере аласызбы?

Жашоомдогу эң кыйын учур деп айылдан 8-классты аяктап, ал кездеги Фрунзе шаарына келгендеги алгачкы жылды айтат элем. Айылыма, апама кусам артканын сурабаңыз. Автожолдор боюнча техникумга тапшырдым. Билим алууга абдан ынтызар болсом да, бала кезим, эненин мээримине муктаждык абдан күч. Апамды, бир туугандарымды сагынып, баарыбыз бапырап отуруп тамактанган кез көз алдымдан кетпей кыйналдым. Ал турмак пахта талаасын да сагындым. Ал убакта кат жазышчубуз. Кат жазып почтага салгандан кийин зарыгып жообун күтүп баштайм. Көп жылдар бою сагыныч менен жашадым. Ушул кезде да менде айылыма, балалыгыма болгон куса жашайт.

– Сизди аябай күчтүү, өткүр айым деп билебиз, күчтүү айымдын алгачкы сүйүүсү кандай болгону кызык...

Оппоненттерим мени урушчаак аялдай көргөзүп коюшту. А бирок мүнөзүм шайыр, ачык-айрым адаммын. Ушул мүнөзүмдөн көп жигиттердин арзуусуна арзыдым. Алгачкы сүйүү жүрөктө жашайт, бул ошол адамды өмүр бою сүйүп жүрүү дегендик эмес, жүрөктө жагымдуу элестердин бири болуп калат.

Сүйүү – жан дүйнөнүн азыгы, мен бул сезимге кылдат мамиле жасайм. Алгачкы сүйүүмдүн ээси азыр көзү жок, тирүүлүктөн эрте өтүп кетти.  Жетпей калган сүйүү, сүйгөн адамыңа таарынуу – кээде чоң максаттарга жетишиңе өбөлгө болот. Мен муну өз жон терим аркылуу өткөрдүм. Учурда элге таанымал саясатчы экөөбүздүн ортобузда жаш кезде сезим оту жанган. Бирок ал бай,  а мен колунда жок үй-бүлөдөн болгондуктан ата-энелерибиз баш кошушубузга каршы болуп коюшту. Анын апасы колунда жок үй-бүлөдөн бүлө алгысы келбесе, менин апам теңимди таап, корунбай, эркин жашап, бактылуу болушумду каалады. Албетте, бул мага оор болду, атамдан эрте калганыма кейидим, барчылыкта бапырай албаганыбызга ызаландым. Ал жигитке таарынып, Москвага окууга кеттим. Менин билимимди тереңдетишиме, алдыма чоң максаттарды коюшума ошол кейиш менен ыза түрткү болгон.

– Кейиштүү сүйүүдөн кийин өмүрлүк жолдошуңузга кантип кезигип калдыңыз?

– Жолдошум менен Москвадан тааныштым. СССРдин киносунун 60 жылдыгына карата ири жыйналыш өткөн. Казак туугандар эки тасмасын алып келишип, ВДНХга боз үй тигишкен. Нургүл деген курбу кызым менен көргөнү бардык. Алыста жүргөндө казак туугандар коңшу эл катары көзгө сүйкүм көрүнөт да, алар отурган боз үйгө башбагып калдык. Сагындык деген жигит менен шахмат ойносом, ал жеңилип баратып, Болот деген жигитти жардамга чакырды. Болотту ошондо көрдүм, аябай татынакай жигит экен. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Экөөн тең жеңип алдым эле, “люля-кебаб алып берели” дешкенинен сыртка чыгып, тамактануучу жайга кирдик. Болот вилка, бычак алганы кезекке турганда көгүчкөндөр ары-бери тегеренип учуп калды. Негедир “көгүчкөндөрдүн бири Болоттун башына консо, анда биздин тагдырыбыз бир” деп ойлонуп жибердим. Чын эле бир көгүчкөн эки-үч жолу айланып барып, башына конду.  Тандоодон жаңылбадым, ошондогу татынакай жигит мага боорукер, жумшак мүнөз, кандай кырдаалда болбосун колдоп-коштогон ишенимдүү түгөй болуп берди. Эки уулдуу болдук, татыктуу тарбия, жетиштүү билим берип, турмуш жолуна учурганбыз. Учурда Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тогуз неберелүү болуп, дагы да небере күтүп, бактылуу өмүр сүрүп жатабыз. Мен өмүрлүк жарыма, балдарымдын атасына абдан ыраазымын.

– Ийгиликке жетиштиңиз, Жылдыз Жолдошова деген ысымды жараттыңыз, ушундай жашооңузда арманыңыз барбы?

– Атам көз жумганда мен болгону жети жашта элем. Апам 35 жашында жесир калды. Кичинекей болсом да атамдын элеси эсимде бекем сакталды. “Ата” деген сөздү айтуудан өтө эрте калганым – чоң арман. Бүгүнкү биздин ийгиликтерибизди, неберелерин көрбөй, көзү ачык бойдон кеткенине жаным кейийт. Атанын жытына тойбой калдым, аны эстебеген бир да күнүм жок.

– Жашооңузда аял болгонуңуз үчүн эле өзүңүздү алсыз сезген кырдаалдар болду беле?

– Жашоодо аял болуунун өзү өтө чоң жоопкерчилик. Аялзатына көп нерсе оор, эне болуш да оор, ачыгын айтканда, кайнене болуунун да түйшүгү чоң: кылдаттыкты, аярлыкты, даанышмандыкты талап кылат. Бирок менде аял болгонум үчүн өзүмдү алсыз сезген учурлар болбоду. Себеби, жашоого болгон көз карашым такыр башкача. Жаш кезимде апамдан бөлүнүп чыгып, Фрунзеге келип окудум. Андан соң Москвада, анан Прибалтиканын Эстония Республикасынын Выру шаарында эмгектенип, 22 жашымда чоң лён заводдо капиталдык курулуш башкармасын башкардым. Ошол курагымда кызматтык унаам болуп, кол алдымда 27 киши иштечү. Абдан тың элем, бат эле эстон тилин өздөштүрүп алгам. Экинчи жылы Госбанк ЭССРге  курулуш боюнча инспекторлук кызматка которушту. Бул абдан абройлуу кызмат болчу, менин кол тамгам болбосо район боюнча бир да курулуш жүрчү эмес. Ошол маалда эле өз позициямды, принцибимди бербей, жетекчилердин кысымына да көнчү эмесмин. Ошентип, инсан катары Россияда жана Прибалтикада калыптандым, ошол мүнөзүм азыр да мени менен чогуу. 66 жашка чыгып калдым, эми бул мүнөзүмдү эч ким тартып ала албайт, Жараткан канча жаш берсе жашап, андан кийин мени менен кетет го.

– Ошондо, алсыздык же күчтүүлүк жыныска эмес, мүнөзгө байланыштуу болобу?

– Менимче, ар бир аялдын күчтүү болууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн эч убакта алсызмын деп айтпашы керек жана алсыз болбошу үчүн ден соолугун карап, билим алып, кесипкөй болуп, кесибин сүйүшү керек. Баланы да төрөп, үй-бүлөнү да татыктуу кармап, өзү эмгектенип, акча табууга тийиш. Финансылык көз карандуулук болбошу керек. Ооба, эркек табышы керек, баарын камсыздашы керек дейбиз, бирок аял өзүн каржылап, өзүнө көңүл бурушу зарыл. Анткени, анын артында балдары турат.

– Кыргыз аялдарына эмне жетишпейт деп ойлойсуз?

– Кыргыз аялдарына баары эле жетиштүү. Кыргыз өзү өзгөчө улут. “Кыздын кырк чачы улуу” деп кыздарын аздектеп келишкен. Турмушка чыккан кыз төркүнүнө келсе, жеңелери төргө отургузушат, чай да куйдурушпайт. А кайын журтунда ал келин, босого тарапта отурат, чай да куят, тиричилигин да жасайт. Бул салт. А салт мыйзамдай эле күчтүү сакталат. Бирок азыр жаштар арасында салттын жакшы жактарына басым жасалууда, бул да жакшы көрүнүш. Кыргыздын кыздары жоопкерчиликти сезиши керек. Улуттун уучун улагандар – бул биз, кыздарбыз. Азыр интернет өнүккөн заманда, оң да, терс да маалыматтар көп, кыздарыбыз оң гана маалыматты өздөрүнө сиңиришсе экен. Бүгүнкү күндө миграциянын күчтүү толкунундабыз, кыргыз кыздары кайда барбасын, кайда иштебесин кыргыз жигиттерине турмушка чыгышып, улуттун уучун улап кетишсе дейм. Ар бир кыздын тагдыры өз колунда. Эгерде мен да өз убагымда нугумдан чыгып, көптөгөн кыялдарымдан баш тартып койгонумда, ушул даражага жетмек эмесмин. Ошондуктан, кыздарга айтаарым: жакшы окугула, ден соолугуңарды карагыла, максат койгула жана ага жетүүгө аракеттенгиле. А максатка эмгек гана жеткирет. Жаштык кез сонун кез, ал бат өтөт, айрыкча, кыз балдардын жаштыгы тез эле соңуна чыгат. Күлгүн кезди жаман нерсеге эмес, билим алууга, өзүңөрдү өнүктүрүүгө, саякаттап эл-жер көрүүгө, курбуларыңар менен көңүл ачып, жашоонун берген бардык жакшы мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калууга жумшагыла.

– Үй-бүлөлүк очокту бекем сактаган айым катары айтсаңыз, ажырашууга эмне көбүнчө себеп болот?

– Ар бир окуяда өзүнө тиешелүү турмуштук ар кандай кырдаал себеп болоору талашсыз. Бирок мен бир нерсени айтат элем: кыздар ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын өстүрүүсү кажет. Косметология өнүккөн доордо баары супсулуу боло алышат, бирок руханий дүйнөсү өнүкпөсө, андай аял эртеби-кечпи күйөөсүнүн сүйүүсүн өчүрүп алат. А эгер аял ар тараптуу өнүгүп, кандай темада болбосун күйөөсү менен сөз улап кете ала турган болсо, үй-бүлөлүк биримдик да сакталат.

Азыр кыздар көбүнчө сырткы келбетине көңүл буруп калышты. Ооба, ал да туура, биринчи таанышканда сырткы келбетке көңүл бурулат. Бирок аягында барып, эркек киши аял кишинин сырткы келбетине эмес, ички дүйнөсүнө көбүрөөк басым жасап калат. Жашоонун жолу узун, а өмүр кыска, ошол узун жашоону ушул адам менен бирге жашап кете аламбы деген ой жаралат. Аялдарга караганда эркектердин стратегиялык ой жүгүртүүсү күчтүү болот. Ошондуктан, жанындагы айымдын дүйнө таанымына сарасеп салат. Дүйнө тааным өнүкпөгөн болсо, сүйүү да көпкө узабайт...