Дизайнер Канышай Мусаева: «Ар бир ишибизде өлкөбүздүн намысы жатат»
11 август

Дизайнер Канышай Мусаева: «Ар бир ишибизде өлкөбүздүн намысы жатат»

Дүйнөнүн көңүлүн Кыргызстанга бурдурган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ар бир көрүнүшүнүн артында жүздөгөн адамдардын түйшүгү жатат. Алардын бири – дизайнер Канышай Мусаева. Ал төрт негизги локация үчүн 2000ден ашуун костюмдун эскизин чийүү жоопкерчилигин моюнуна алган.

Биз дизайнер менен дүйнөлүк деңгээлдеги долбоордун жоопкерчилиги, чыгармачылык жолу жана Көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу маектештик.

– Канышай, саламатсызбы! Дизайн дүйнөсүнө келишиңизге эмне же ким себеп болгон?

– Чындыгында, менин дизайнер болушума тигил же бул адам түздөн-түз себепкер болгон жок. Менин эң башкы себепкерим – ички дүйнөм жана балалыктан берки кызыгуум.

Мен кичинемден эле айланамдагы нерселердин кооздугуна, түстөргө жана формаларга башкача көз караш менен карачумун. Кадимки эле жөнөкөй нерселерди өзгөчө кылып өзгөрткүм келе берчү. Убакыттын өтүшү менен бул ички кызыгуу мени ушул кесипке алып келди.

– VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн костюмдарды даярдоо сунушу сизге кандайча түштү?

– Бир күнү мага долбоордун башкы режиссёру Алтынбек Максутов агай өзү телефон чалып, иштешүү сунушун киргизди. Мен, албетте, дароо макулдугумду бердим.

Анткени буга чейин да Алтынбек агай менен мамлекеттик беш-алты ири иш-чарада чогуу иштегенбиз. Ал абдан так жана бардык нерсени жөнөкөй түшүндүрүп бергендиктен, агай менен иштешкен мага абдан жагат.

– Мындай масштабдуу долбоорго катышуу сиз үчүн канчалык жоопкерчиликтүү иш?

– Бул долбоор мен үчүн чындыгында чексиз чоң жоопкерчилик. Анткени Көчмөндөр оюндары – бул жөн гана катардагы иш-чара эмес. Бул – бүтүндөй өлкөбүздүн жүзү, биздин тарыхыбыз жана улуттук намысыбыз.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген миңдеген коноктор биздин маданиятыбызды дал ушул долбоор аркылуу көрүшөт. Мага телефон чалып чакырышканда, жумуштун масштабын жана жоопкерчилигин дароо сездим.

Менин жасаган ар бир дизайным, ар бир кооз детал өлкөбүздүн аброюна салым кошот. Мындай тарыхый иштин жүгүн көтөрүү – мен үчүн чоң сыймык жана эң жогорку жоопкерчилик.

– Иш-чара башталарына саналуу эле күндөр калды. Силерде иш процесси кандай жүрүп жатат? Жетишип жатасыңарбы?

– Күндөр жакындаган сайын толкундануу күчөп жатат, бирок бизде баары көзөмөлдө. Түнү менен уктабай иштеген учурлар да болууда, бирок биз баарына жетишип жатабыз.

Себеби ар бир жасаган ишибиздин артында өлкөбүздүн намысы турат. Биздин команда абдан аракет кылып жатат. Кудай буюрса, баары өз убагында бүтөт деген ойдомун.

– Жалпысынан канча кийим даярдашыңыздар керек? Анын канчасы бүттү?

– Учурда төрт башка локация үчүн жалпысынан 2000ден ашуун костюмдун үстүндө иштеп жатабыз.

Биринчи локация – Кырчын жайлоосу, экинчиси – «Рух Ордо» комплекси, үчүнчүсү – «Көчмөндөр жаңырыгы», ал эми төртүнчү жана эң чоң локация – жабылуу аземинде өтүүчү концерт.

Мына ушул төрт жерде өтүүчү иш-чараларда кийилүүчү кийимдердин баары биздин колдо даярдалып жатат. Чоң сыймыктануу менен айта алам, костюмдардын 80 пайызы толугу менен бүттү.

– Командада канча адам иштейт жана алардын милдеттери кандай бөлүштүрүлгөн?

– Биздин командада жалпысынан 20дан ашуун кыз эмгектенет. Алардын бардыгы ушул тармак боюнча билими бар, таланттуу жана өз ишин мыкты билген кыздар.

Менин милдетим – кийимдердин эскизин чийип, кагазга түшүрүү. Февраль айынын башынан бери күнү-түнү уктабай, миңдеген эскиздерди чийдим. Ошолордун арасынан башкы режиссёр тандап алгандарын тигип жатабыз.

– Бир костюмду даярдоого орточо канча убакыт жана канча адамдын эмгеги талап кылынат?

– Костюмдардын баары бирдей эмес. Андыктан бир кийимди баштан-аяк даярдоого ар кандай убакыт кетет.

Эгер жөнөкөйүрөөк костюм болсо, аны даярдоого бир нече сааттан бир күнгө чейин убакыт талап кылынышы мүмкүн. Ал эми башкы каармандардын өзгөчө улуттук оюу-чиймелери жана саймалары бар татаал костюмдарын даярдоо үчүн үч күндөн беш күнгө чейин, кээде андан да көп убакыт кетет.

Дизайнды чийүү, кездемени туура тандоо, бычуу, тигүү жана үстүндөгү ар бир майда жасалганы кол менен иштеп чыгуу чоң эмгекти талап кылат.

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин бул коллекциянын баары кайда сакталат?

– Кийимдердин бардыгы даярдалып бүткөн соң Маданият министрлигине өткөрүп беребиз. Алар өздөрүнүн кампасында сакташат.

– Дизайнер катары карьералык жолуңуз кандай өнүгүп жатат?

– Мен Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дизайнерлик бөлүмүн аяктагам. Студент кезимде эле ар кандай долбоорлорго катыша баштагам.

Экинчи курста окуп жүргөндө Айдай Асангулова менен бирге «Дарак ыры» тасмасында иштедим. 2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарында кийимдер боюнча башкы конструктор болуп иштеп, ошол жерден чоң тажрыйба алдым.

Негизи эле ыраматылык Айдай эже мага көп нерсени үйрөтүп кетти. Эми ошол билимин жана тажрыйбасын өлкөбүздүн маданиятына салым катары кошууга даярмын.