Ысык-Көлдө салык кызматынын иши 73,9 баллга, Бишкекте 16 баллга бааланды
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 август

Ысык-Көлдө салык кызматынын иши 73,9 баллга, Бишкекте 16 баллга бааланды

Кыргызстандын аймактарында Мамлекеттик салык кызматынын ишине берилген баа кыйла айырмаланат.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталып, 73,9 баллды түздү.

Нарын облусунда Салык кызматынын иши 62 баллга, Жалал-Абад облусунда 61,3 баллга, Ош шаарында 59,2 баллга, Баткен облусунда 58,7 баллга бааланды.

Ош облусунда көрсөткүч 51,1 баллды, Талас облусунда 44,1 баллды, Чүй облусунда 38,7 баллды түздү.

Салык кызматынын ишине эң төмөн бааны Бишкек шаарынын тургундары берип, көрсөткүч 16 баллды түздү.

Ысык-Көл облусу менен борбор калаанын көрсөткүчтөрүнүн айырмасы 57,9 балл болду.

Кыргызстан боюнча Салык кызматынын ишмердүүлүгүнө орточо баа 42,4 баллды түздү.