Гүлистан айылында 11,2 млн сомго ФАП курулууда
видеодон алынган кадр
11 август

Гүлистан айылында 11,2 млн сомго ФАП курулууда

Манас шаарынын Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караган Гүлистан айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жүрүп жатат.

Объекттин сметалык наркы 11 млн 186,9 миң сомду түзөт.

Анын ичинен 7 млн 294,2 миң сом же 80 пайызы Өнүктүрүү фондунан, дагы 2 млн 683,6 миң сом же 20 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

ФАПтын имараты алты бөлмөдөн турат. Ошондой эле имараттын ичинде санитардык түйүн каралган.

Объект жылытуу системасы, суу түтүгү, канализация, электр энергиясы жана башка зарыл инженердик коммуникациялар менен камсыздалат.

Курулуш иштерин 2026-жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.