Курулуш министрлиги дагы бир курулуш компаниясын кара тизмеге киргизди
10 август

Курулуш министрлиги дагы бир курулуш компаниясын кара тизмеге киргизди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуш жана архитектура тармагындагы лицензиялык жана мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында “Абрис-Гранд” ЖЧКсы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Абрис-Гранд” ЖЧКсынын лицензиясы жокко чыгарылды. Мындан тышкары, белгиленген тартипте компаниянын архитектору Александр Усовдун квалификациялык сертификаттары жокко чыгарылды.

Аныкталган бир катар олуттуу мыйзам бузууларга байланыштуу министрлик аталган субъекттердин ишин жараксыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербейт деп тааныйт.

Курулуш министрлиги жарандарды, уюмдарды жана курулуш тармагынын башка катышуучуларын “Абрис-Гранд” ЖЧКсы жана Александр Усов менен кызматташуудан, анын ичинде тиешелүү уруксат берүүчү документтерди жана квалификациялык сертификаттарды талап кылган курулуш, долбоорлоо жана башка иштерди аткаруу боюнча келишимдерди түзүүдөн баш тартууга чакырат.

Эскертүү! Мыйзам талаптарын бузган жеке жактар жана компаниялар менен кызматташуу - курулуш иштеринин сапатына, коопсуздугуна жана мыйзамдуулугуна олуттуу тобокелдиктерди жаратат.

Министрлик мындан ары да мыйзам талаптарын бузган курулуш тармагынын өкүлдөрүнө карата мыйзам чегиндеги эң катуу чараларды көрүп, алардын курулушка катышуусуна мындан ары жол бербөө иштерин улантат.