Ноокатта көмүр ташып бараткан айдоочуга карата ээнбаштык жасагандар аныкталды
видеодон алынган кадр
10 август

Ноокатта көмүр ташып бараткан айдоочуга карата ээнбаштык жасагандар аныкталды

Ноокат районунда бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголду, деп кабарлайт Ош облустук милициясынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, социалдык тармактарда 2026-жылдын 7-август күнү “osh_intriga” Instagram баракчасы аркылуу Ноокат районунда белгисиз жарандар оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусуна карата ээнбаштык аракеттерди жасагандыгы тууралуу видео тараган.

Бул факты 2026-жылдын 7-август күнү Ноокат РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аныкталгандай, аталган окуя 2026-жылдын 26-июль күнү Ноокат районунун Жаңы-Базар айылынын аймагында болгон. Анда оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу көмүр ташып бара жаткан учурда белгисиз жарандар унааны токтотуп, айыл аймагынан жүк ташуучу унаалар өтпөшү керектигин талап кылышып, айдоочуга карата ээнбаштык аракеттерди жасашкан.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар 3 жаран аныкталып, Ноокат РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жабырлануучунун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.