Нарында бажы кызматынын ишине Бишкекке караганда 4,5 эсе жогору баа берилди
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
11 август

Нарында бажы кызматынын ишине Бишкекке караганда 4,5 эсе жогору баа берилди

Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө эң жогорку баа Нарын облусунда берилди.

Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча маалыматына ылайык, Нарын облусунда көрсөткүч 66,5 баллды түзгөн.

Ысык-Көл облусунда Бажы кызматынын иши 63,9 баллга, Жалал-Абад облусунда 57,2 баллга, Баткен облусунда 56,4 баллга, Ош облусунда 52,5 баллга бааланган.

Ош шаарында көрсөткүч 42,4 баллды, Чүй облусунда 39 баллды, Талас облусунда 29,7 баллды түзгөн.

Эң төмөн баа Бишкек шаарында катталып, 14,8 баллды түздү.

Ошентип, Нарын облусундагы көрсөткүч борбор калаага караганда болжол менен 4,5 эсе жогору болду.

Кыргызстан боюнча Бажы кызматынын ишине орточо баа 39,3 баллды түздү.