Бишкекте Дордой конушунун тургунун сабоого шектелип алты адам кармалды
Бишкекте Дордой конушунун тургунун сабоого шектелип алты адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынна кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 7-августта саат 04:30да болгон.
Ы.Т., аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда белгисиз жарандар анын инисинин денесине жаракат келтирип, качып кеткендиктерин билдирген.
Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталды.
Алар: 2008-жылы туулган И.А., 2006-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган А.М., 2007-жылы туулган А.М., 2007-жылы туулган А.Э., ошондой эле жашы жете элек, 2008-жылы туулган А.Т. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
