Кыргызстан менен Өзбекстандын жаш парламентарийлери кызматташтыкты талкуулашты
Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты.
Быйылкы форум «Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!» деген ураандын алдында өтүп, ага Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Медер Алиев, депутаттар Табылды Муратбеков, Максат Алымбеков, Эркеайым Сейтказиева, Бекмырза Чолпонбай уулу, Адилет Белеков, Илимбек Кубанычбеков баштаган эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Төрага Марлен Маматалиев форумдун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгына басым жасады.
Алсак, Төраганын белгилешинче, акыркы жылдары эки мамлекеттин башчыларынын бекем саясий эркинин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлдү.
«Парламенттерибиздин ортосундагы байланыштар да активдүү өнүгүп, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү таянычына айланды. Эми биздин милдет – ушул жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп берүү, достукту конкреттүү иштер жана биргелешкен демилгелер менен бекемдөө», – деди Төрага.
Ошондой эле Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин кызматташтыгын бир жолку иш-чаралар менен чектебестен, туруктуу негизде улантуу зарылдыгына токтолду.
«Жаштар – мамлекеттерибиздин келечеги гана эмес, бүгүнкү өнүгүүнүн да активдүү катышуучулары. Алардын үнүн мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессинде эске алуу саясаттын коомдун муктаждыктарына жооп беришин камсыздап, демократиялык институттарга болгон ишенимди арттырат», – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн жаш парламентарийлеринин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун жогорулатуу жана биргелешкен демилгелерди колдоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар жаш парламентарийлердин ортосундагы туруктуу диалогду улантуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
