Толгонай Сариева: «Мен өзүмдү кайгымдын ичинде бактылуу сезем»
Акын кыз менен маектешип отуруп, бир нерсени дагы терең түшүнүп, дагы бекем ынандым: адамдын жашоосунда ата менен эненин ордун өзүнөн башка эч ким баса албайт экен. Жаш акындын ийгилигинин уюткусу атасын көрбөй, энесине кусаланып өскөн жаралуу сезимдери болуп калганын карабайсызбы…
Таятасы менен таенесине эркелеп өскөн кыз жаштыгына карабай, жашоонун оор сабактары тууралуу салмактуу кеп кылып берди.
– Саламатсыңбы, Толгонай. Сыйлыгың кут болсун. Маегибизди ушул ийгилигиңден баштайлы. Сынакка кандайча катышып калдың?
– Белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналып, жыл сайын акындар ат салышкан фестиваль өткөрүлүп келет. Былтыр катышып, финалга да жеткен эмесмин. Быйыл ырларымды бергим деле келген эмес. Сынакка 45 жашка чейинки акындар катышкандыктан, менден улуулардан озуп өтө албайм деп ойлогом.
Ошол маалда «Нурборбор» чыгармачыл жаштар академиясынын жетекчиси, жаш акындарга баш-көз болуп жүргөн Нурбек агай ырларымды сурап, өзү билип эле сынакка жөнөтүп коюптур. Финалга өткөндөн кийин катышуучу болгонума кубанганым менен, жеңүүчү болом деп ойлогон жокмун. Себеби мен үчүн талап күчтүү, талапкерлер андан да күчтүү эле.
Бирок «ат чуркабайт, бак чуркайт» болду окшойт. Калыстардын чечими менен баш байгеге ээ болдум. Сыйлыкты алган маалда дароо чоң жоопкерчиликти сездим. Ошол мага оор келди окшойт, өзүмдө боло албай, кызыктай эле абалда жүрдүм. Бөлмөдө жалгыз калып, жарылып ыйладым.
Эми мурдагыдан да жакшы жазышым керек. Ырларымды окушса, «ий, ушул элеби?» дешпесин деген ой бийлеп алды.
– Интернет айдыңынан сен тууралуу карасам, ырчы, жаш төкмө катары чыгып жүрүптүрсүң. Жакында акындыгың жарк этти. Кайсынысы көңүлүңө жакын?
– Ырдаганга, комуз кармаганга, айтышка барганга чейин эң биринчи поэзия дүйнөсүндө жашагам. Анда да ырларды жалгыз өзүм үчүн жазчумун. Жазчумун да, эч жакка чыгарчу эмесмин.
Ырдаганда, төккөндө чыгара албаган муңумду поэзиядан чыгарам. Ырды мажбур түрдө ырдап калам, айтышка даярдык менен чыгам. Ал эми ырды жүрөгүм каалаганда, качан кусалык толгондо, арманымды төгүп, эс алам.
Кайгымды жеңүү үчүн жазам. Той-топурда болуп, достор менен көңүлдүү, бактылуу жүрүп калганда өзүмдү күнөөлүү сезем. Ал эми ыр жаздырчу кайгылуу, кусалуу, муңдуу абалдарда өзүмдү тынч, жакшы сезем.
– Сени акын катары апа тууралуу ырларың таанытты окшойт. Апаңа таарынычың бардай?..
– Кудай менин чыгармачылыкта жашашым үчүн ата-эне, туугандан алыс кылган окшойт. Беш-алты айлык ымыркай кезимде атам менен апам ажырашып, мен таенем менен таятамдын колуна келиптирмин. Мени ошол адамдар канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрүштү.
Атамды өмүрүмдө көргөн эмесмин. Кийин 12–13 жаштарымда каза болуп калганы тууралуу кокустан угуп калгам. Бирок бул тууралуу батынып сурай алган эмесмин.
Мени төрөгөн апамды болсо «абже» дейм. Чын эле ал адам мага эже сыяктуу. Кичине кезимде дээрлик көрбөй эле чоңойдум. Өзүнүн турмушу, бир уулу, бир кызы бар.
Сынактан чоң суммадагы байге утпадымбы – 200 миң сом. Ошол сыйлыгымдан ооз тийгизейин, жакшы кабарымды айтканча учурашайын деп атайын барып келдим. Жеткен соң сездим – сагынбаптырмын деле. Ал деле сагынбайт окшойт. Мээрим төкпөйт, «кызым» дебейт, бетимден өппөйт.
Бирок билесизби, апамды күнөөлөбөйм деле. Түшүнүүгө аракет кылам. Мен азыр 21 жаштамын, апам мени ушул курагында төрөптүр. Эгер азыр балалуу болсом, мен деле мээрим төгүп карай албасам керек деп ойлойм.
Болгону адамда балалыгындагы кусалык калып калат экен. Аны апамдын өзүнө айта албайм, айла жок ырга айлантам.
– Ырларыңды окуп, таарынбайт болду бекен?
– Поэзияны көп түшүнө бербейби, ырларыма кызыкпайт. Фестивалдан баш байге алганымды түшүнгөн деле жок окшойт.
Апам тууралуу ырларымды интернетке чыгарганымды, мен тууралуу башкалардын жазгандарын окуп, таенем капа болгондой болду. «Жөн эле койбойт белең…» – дейт. Эми мени төрөгөн адам таенемдин кызы болуп атпайбы, кызына болушат да.
Мени таятам жакшы түшүнчү.
– Бирок таятаң ыр жазууңду каалабаганын жазыптырсың.
– Таятам экөөбүздүн тагдырыбыз аябай окшош. Таятам да ата-энеси менен бирге болбой, чоочун колдо чоңоюп, балалыгы оор өтүптүр. Мен сыяктуу ата-энесинен калган жалгыз туяк.
Таятам да ырдачу, комуз, аккордеон ойночу, ыр да жазчу. Бирок ырды бактысыздар жазат деп түшүнчү окшойт. Менин ыр жазганымды жактырчу да, каалачу да эмес. Менин ырдашымды каалачу.
Эсепчи болуп иштечү эле. Жумушуна карабай мени чоң мааракелерде стадионго ээрчитип барып, айылдагы иш-чараларга жетелеп барып ырдатчу. Ал тургай айрым жерлерге мени сахнага чыгарыш үчүн акча да берчү.
Өмүрүндө мени өзү да какпады, бирөөгө да кактырбады. Таенемдин айтымында, өз балдарын дагы менчелик карабаптыр. Оозумдан эмне чыкса алып берип, эркелетип өстүрдү.
Азыр ойлосом, байкуш атам мени боору жарты деп аяп, менин кемдигимди өзүмө сездирбегенге аракет кылчу окшойт. Чын эле таятамдын мээримине тоюп, кайгы дегенди билбептирмин.
Сегизинчи класста окуп жүргөн кезимде жаман илдеттен улам каза болуп калды. Мен ошондо чөгүп кеттим. Ошондо кайгынын баары козголуп, кусам оргуштап чыкты. Дүйнөдөгү эң мыкты инсан жалгыз таятам болгондой сезем.
– Учурда эмне менен алексиң, алдыга кандай пландарың бар?
– Быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин бүтүрүүчү курсундамын.
Жазында чакан ыр жыйнагымды чыгарып, айтыштагы, ырчылыктагы өнөрлөрүмдүн баарын топтоп, жеке чыгармачылык кечемди уюштурсам деп жатам.
– Чыгармачылыктагы устатың ким?
– Устатым – Кундуз Таштаналиева. Кундуз эже апам менен тең экен. Мага устат гана эмес, апамдай болуп калды. Сырымды угуп, акыл-кеңешин аябайт.
Таятам каза болгондон кийин чөгүп кеткем деп жатпаймынбы. Кундуз эженин колуна ошондой жүдөп турган маалда келгем. Устатым кийим-кечемден баштап, ырдаганды, сахнага чыкканга чейинки бардык нерсени майда-баратына чейин үйрөтүп, мени таптап келатат.
Ал эми айтыш өнөрүндөгү устатым – Изат Айдаркулова эжем.
– Айтышка кандайча келип калдың?
– Изат эже шакирт чыгарам деп, ыр жазган кыздарды издептир. Мага бул кабарды университеттеги мугалимим айтып, Изат эжеге жиберди. Мугалимимдин айтканын аттап кете албай эле бардым.
Барган соң айтыштан мурун Изат эжеге байланып калдым десем болот. Жылуу мамилеси менен өзүнө тартып, шакирт кылып алды.
Изат эженин даярдоосу менен айтышка экинчи ирет чыкканымда баш байге алдым. Бул жерде да баш байге алган соң жоопкерчилик артылып, өнөргө мурдагыдан да олуттуу карап калдым.
Айта кетчү нерсе – бул өнөрдө өзүмдү төкмө эмес, жамакчы катары эле санайм. Бул багытта үйрөнүп, изденип, такшалуум керек.
– Сүйүүгө кабылгансыңбы?
– Азырынча жок. Сүйүп калсам деле жетким келбейт. Атамды аралыктан сүйдүм. Апамды аралыктан сүйдүм. Эми деле аралыктан сүйүп, арзып жашай бергим бар.
Мен чыныгы бактылуу, толук үй-бүлө кандай болорун билбейм. Алдыда мени бактылуу жашоо күтүп тургандыр деп үмүт кылам. Ал тууралуу терең ойлонбойм.
Менин азыркы кездеги жыргалым да, түйшүгүм да – чыгармачылык. Андан башкага баш ооруткум да келбейт. Учурда иштеген да жокмун, китеп окуп, изденүү менен эле убакыт өтүп жатат.
Окуучу кезимде таятам бир китеп алып келиптир. Кошуна айылыбыздан чыккан атактуу инсан Дооронбек Садырбаевдин «Жалгыздын жары – Кудай» деген китеби экен. Ушул сөз абдан жагып, жадыма жатталып калган. Мага кадимкидей таяныч болуп келет. Ар түрдүү кырдаалдарда ушуну ойлойм. Чын эле жалгыздын жары – Кудай.
Ырларымды, маектеримди окугандар аяган пикирлерин жазышат. Ал турсун жеке катка чейин «мага бир тууган бол» дегендер болот. Мага ушул нерсе аябай жагымсыз.
Мени башкалар аяп, боору ооруп, айланчыктап кам көрүп турушун каалабайм. Баарын өз мээнетим менен жасап, эмгек менен жетип, татыктуу жашагым келген кызмын.
Толгонай Сариеванын ырлары
Баарын таштап, өтмүшкө изиң суутуп,
Бакыт издеп кеткенсиң, таба алдыңбы?
Көк таш болуп муздаган көңүл ээрип,
Көз жаш жуубай калдыбы жамалыңды?
Эсимде жок, эстөө да кыйын мага,
Элесиңди кунарсыз салкын күздөй.
Күсөп көңүл муңайым көздөрүңдү,
Күткөнүм чын, жол карап күдөр үзбөй.
Күтпөй калдым, мерездик жеңип акыр,
Күчкө толду үлбүрөк жаш жүрөгүм.
Козгоп албай унутулган жараатыңды,
Коломтосун өчүрбөй жак бүлөңдүн.
Мен көндүм жалгыз өмүр кечирүүгө,
Көндүңбү, апа, бактылуу болгонго сен?
Эртеңиме артылып чоң үмүтүм,
Эми үйрөндүм максатым койгонго мен.
Эми унутуп элесиң, сенсиз, «Апа»,
Эми көндүм бактылуу болгонго мен!
Эркеңди ээлесе кайгы-муң,
Энелик сезимиң издейби?
Эч кимсиз кызыңдын тагдырын
Эстесең, жүрөгүң тыз дейби?
Бербедиң, албадым мээримиң,
Бешенем тосподум өпсүн деп.
Эң аруу, баладай кейибиң,
Эстесем, жаш кетет көлкүлдөп.
«Издебейт, сагынбайт демек», – деп,
Илээрсиң мойнума айыпты.
Жалгыз да күн көрүш керек деп,
Жанчылган жүрөгүм айыкты.
Энесиз жашоону каалар ким?
Эрк байлап, жөн эле көнүштүм.
Мезгилсиз унутулган, а балким,
Мен сенин жашооңдо өлүкмүн!
