сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
9 август
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орто эсеп менен сегиз жылга көп жашайт
Кыргызстанда 2025-жылы күтүлүп жаткан өмүрдүн узактыгы 72,4 жашты түздү.
«Кыргызстан сандарда – 2026» статистикалык жыйнагынын маалыматына ылайык, аялдар үчүн бул көрсөткүч 76,9 жашка, эркектер үчүн 68,7 жашка жеткен.
Ошентип, аялдар орточо эсеп менен эркектерге караганда 8,2 жыл узак жашайт.
Акыркы жылдары күтүлүп жаткан өмүрдүн узактыгы акырындык менен өсүүдө.
2021-жылы жалпы көрсөткүч 71,8 жашты түзсө, эркектерде 67,9 жаш, аялдарда 76,1 жаш болгон.
2025-жылга карата өмүрдүн узактыгы эркектер арасында да, аялдар арасында да өскөн.
