Ысык-Көлдөгү Baku Resort & Spa мейманканасына расмий түрдө «беш жылдыз» категориясы ыйгарылды
видеодон алынган кадр
9 август

Ысык-Көлдөгү Baku Resort & Spa мейманканасына расмий түрдө «беш жылдыз» категориясы ыйгарылды

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан Baku Resort & Spa мейманканасына расмий түрдө «беш жылдыз» категориясы ыйгарылды.

Тиешелүү сертификатты 8-августта Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов тапшырды.

Baku Resort & Spa Кыргызстанда расмий түрдө беш жылдыз категориясын алган алгачкы мейманкана комплекстеринин бири болду.

Мамлекеттик агенттиктен белгилешкендей, сертификация мейманкананын тейлөө деңгээли, материалдык-техникалык базасы, коопсуздук талаптары жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты белгиленген мамлекеттик стандарттарга жооп берерин тастыктайт.

Мейманкана комплекси Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылган ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоор Ысык-Көл аймагындагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Эдуард Кубатовдун айтымында, жогорку категориядагы мейманканалардын санынын көбөйүшү туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, чет өлкөлүк туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Кыргызстандын эл аралык туристтик рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мамлекеттик агенттик ошондой эле мындай деңгээлдеги объектилердин өнүгүшү жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көлгө туристтердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт деп күтөт.