Кыргызстанда баш кошкондорго караганда, ажырашкандардын саны өстү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
9 август

Кыргызстанда баш кошкондорго караганда, ажырашкандардын саны өстү

Кыргызстанда акыркы беш жылда катталган никелердин саны азайып, ошол эле учурда ажырашуулардын саны өстү.

Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстан сандарда – 2026» жыйнагынын маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөдө 43 миң 340 нике катталган.

2021-жылы бул көрсөткүч 50 миң 747ни түзгөн.

Ошентип, төрт жыл ичинде катталган никелердин саны 7 миңден ашыкка азайган.

Ал эми ажырашуулардын саны, тескерисинче, 2021-жылдагы 12 миң 37ден 2025-жылы 14 миң 210го чейин өскөн.

Никелешүү коэффициенти 1 миң жашоочуга 7,4төн 5,9га чейин төмөндөсө, ажырашуу коэффициенти 1,8ден 1,9га чейин жогорулаган.

Улуттук статистика комитети ошондой эле бардык ажырашуулардын төрттөн биринен көбү никеде беш жылга жетпей жашаган жубайларга туура келерин белгилейт. Акыркы жылдары алардын үлүшү өсүүдө.